Иманалиев Кайрат


Драматург жана журналист Кайрат Иманалиев Ысык-Көл районунун Темир айылында 1977-жылы 29-ноябрда туулган.

1994-жылы Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук Т. Сатылганов атындагы лицей-мектебин алтын медаль менен,

1998-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин

жана 2000-жылы аталган университеттин магистратура борборун артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1999-жылдан Кыргыз улуттук телерадио корпорациясынын «Казына» адабий-драмалык башкы редакциясында баяндамачы,

2004-жылдан башкы редактор, 2007-жылдан Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин доценти,

2009-жылдан Журналистика кафедрасынын башчысы болуп эмгектенүүдө.

Кыргыз радиосунун Алтын казынасына ондогон циклдык автордук адабий уктуруулары,

кыргыздын залкар инсандары: К. Карасаев, Ч. Айтматов, С. Күмүшалиева, С. Эралиев, С. Жусуев, Т. Касымбеков менен маектери жазылып алынган.

«Театр дүйнөсүндө», «Мен кыргызмын», «Инсан», «Каректеги элестер», «Асылдар ааламы»,

«Кутман таңың менен, Кыргызстан» аттуу автордук уктурууларды даярдап алып барат.

Кыргыз телекөрсөтүүсүндө Кыргыз Республикасынын эл акыны Эсенгул Ибраев тууралуу «Түбөлүктүүлүккө сапар»,

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Өскөн Даникеев тууралуу «Сөз дыйканы» ж. б. даректүү тасмалары тартылган.

Анын чыгармачылыгы 2000-жылы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облусу

музыкалык драма театрында «Курманжан датка» драмасынын коюлушу менен башталып,

драмалары республиканын театрларынын репертуарларынан орун алган.

Кыргыз радиосунун 75 жылдыгына карата «Бишкектен сүйлөйбүз» (2006),

Диктор Тамара Алсеитованын 50 жылдыгына карата «Аргендей добуш үн калды» (2007),

Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеевдин 80 жылдыгына карата «Өмүр жыты» (2007),

СССРдин эл артисти Самара Токтакунованын 50 жылдыгына карата «Таңшы комуз» (2007),

Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 50 жылдыгына карата «Улуттун жүзү» (2008) ж. б. театрлаштырылган адабий сценарийлерин жазган.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын,

Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын Ардак грамотасына,

Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисине,

«Улуттук телерадионун отличниги» наамына татыган.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын

жана ошондой эле Токтоболот Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.

2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)