Ильинский Игорь Владимирович

Ильинский Игорь Владимирович - 11 (24). 7. 1901, Москва 13. 1. 1987, ошол эле жер орус актёру, СССР эл арт. (1949), Социалистик Эмгектин Баатыры (1974). Ф. Ф. Комиссаржевскийдин театр студиясынан окуган (1917). 1920-жылдан В. Э. Мейерхольд атындагы театрда, 1938жылдан Кичи театрда иштеген. РСФСР театрларында жана Мейерхольд атындагы театрда аткарган ролдору: Присыпкин (В. Маяковский, «Кене»), Счастливцев (А. Островский, «Токой»), Расплюев (Сухово-Кобылин, «Кречинскийдин үйлөнүү тою»), Аким (Л. Н. Толстой, «Караңгылыктын бийлиги») ж. б. Комик кино актёр катары да белгилүү («Волга-Волга», «Карнавал түнү», «Торжоктук бычмачы» ж. б. фильмдер). Ильинский көркөм окуу өнөрүнүн да устаты болгон. СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1941, 1942, 1951), Лениндик сыйлыгынын (1980) лауреаты.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)