Ильин Юрий Иванович

Ильин, Юрий Иванович (1938-ж. т., Тамбов облусу, Жердев району, Ивановка кыштагы) – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Саратов геол. чалгындоо техникумун (1956), Фрунзе политехника институтун (1970) бүткөн. Кыргыз ССР геология башкармалыгынын № 14 партиясынын геологу (1957–59), Түндүк Кыргызстан, Сарыжаз геол. экспедицияларында улук коллектор, улук геолог, отряддын ж-а партиянын начальниги (1959–73), (1973–76-ж.) Алжирде иштеп келген. Геол.-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясында отряддын ж-а партиянын начальниги (1976–96). Медалдар менен сыйланган. Сарыжаз калай кенин ачкандардын катарында «Кенди биринчи ачуучу» деген төшбелги берилген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)