Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Илимий стиль

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Илимий стиль

Илимий стилге илим жана техника тармагында жазылган монографиялар, илимий-популярдуу справочниктер, энциклопедиялар, өндүрүштүк, илимий-техникалык адабияттар, окуу китептери, методикалык колдонмолор, реферат, докладдар, газета-журналдарга жарыяланган илимий макалалар, диссертациялык эмгектер кирет. "Илимий стиль" илим-изилдөө мекемелеринде, окуу жайларында, орто мектептерде, илим менен алектенген бардык чөйрөлөрдө кеңири колдонулат.

Илимий стилде көбүнчө илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн окумуштуу-адистер, илимпоздор, мугалимдер жазышат. Алар өзүнө чейинки жана ошол учурдагы (изилдеген проблемасына тиешелүү) иштерге сын баа берип, өзүнүн көз карашын билдирип, илимий ой жүгүртүп, атайын ыкмалардын жардамы менен зарыл факты, материалдарды чогултушат. Сыноолорду жүргүзүшөт. Аларды жалпылаштырып, талдоого алышат, системага салышат. Илимий корутунду, жыйынтык чыгарышып, далил, аргументтерди келтиришет. Айрым учурда илимий ачылыштарды жасашат. Илимий стилдин өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр:

Жалпылангандык — турмуштун жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн, түшүнүктөрүн аныктоо. Бул максатта абстрактуулукту туюндурган тил каражаттары колдонулат.

Объективдүүлүк — тигил же бул проблеманын чындыкка ылайык келерин ишенимдүү далилдерге таянуу менен аныктоосу. Окумуштуулардын ойлору цитата түрүндө алынат.

Логикалуулук — аныктама, түшүнүк, теориялык жоболор өз табиятына жакын, ырааттуу, системалуу чагылдырылат.

Тактык — илимий стилдеги терминдер так, түшүнүктүү, кыска келет.

Илимий стилге мүнөздүү тил каражаттары

Лексикалык каражаттар. "Илимий стиль" терминдерге бай. Ар бир илимге (математика, химия, физика, биология, тарых, медицина ж. б.) тиешелүү терминдер өз ич ара тыгыз байланышып, системаны түзүп турат.

Терминдер (Синтаксис: сөз, сөз айкашы, сүйлөм, сүйлөмдүн түрлөрү. Морфология: сөз түркүмдөрү. Сөз жасоо: уңгу, мүчө. Фонетика: тыбыш, тамга ж. б.). Башка тилдерден кабыл алынган сөздөр да илимий стилде жыш кездешет. Алар төл сөз менен бирге келишет.

Мисалы: Орто кылымдардын тарыхы — жалпы тарыхтын байыркы дүйнөнүн тарыхынан кийинки экинчи бөлүгү. Орто кылымдарда элдердин көбүндө кул ээлөөчүлүк эмес, феодалдык түзүлүш болгон. Химия — заттар жана алардын бири-бирине айланыштары жөнүндөгү илим. Азыр 3 миллиондон ашык зат белгилүү, алардын катары дагы жаңы заттар менен толукталууда. Заттардын кээси жаратылыштан табылса, кээ бирөө капрон жана нейлон сыяктуу жасалма түрүндө алынат. Атмосфера — биздин планетабыздын эң үстүңкү жана эң жеңил, абдан кыймылдуу катмары болуп саналат. Жердин тиричилигинде анын ролу зор. Ал тирүү организмдерге дем алуу үчүн, өлүмгө дуушар кылуучу космостук нурлардан, метеориттердин түшүшүнөн, күндүз күндүн куйкалаган нурларынан, ал эми түнкүсүн муздап кетүүдөн сактоо үчүн зарыл. Атмосфера болбогондо, жер айдын бетиндегидей, эч бир тиричиликсиз чөлгө айланып калмак.

Жогорудагы ар бир илимдин тармагы боюнча алынган түшүнүк, аныктамаларда эң алгач өзөк, түшүнүк айтылып, андан кийин анын негизги өзгөчө белгилери саналып өттү.

[ushka=seredina]

Мисалы, Тил — адамдардын өз ара пикир алышуу куралы. Ал — коомдук көрүнүш. Коом өнүксө, тил да өнүгөт. Тил коллективи бөлуктөргө ажыраса, тил диалектилерге бөлүнөт. Диалектилердин көбөйүшү бирдиктүү тилдин жок болушуна алып келет. Тилдин турлөрү көп. Мында тил — аныкталуучу түшүнүктү атаган термин. Адамдардын өз ара пикир алышуу куралы — эң негизги өзөк түшүнүк. Формула түрүндө карасак төмөнкүдөй: Термин + өзөк түшүнүк + өзгөчө белгилери = аныктама.

Морфологиялык каражаттар. Сын атоочтун салыштырма даражасы — ыраак мүчөсү илимий стилдеги тексттерден учурайт. Педагогикалык экеперименттин материалын иликтөөчү, тажрыйбалуу мугалимге сунуш кылганы оңбу же окуу процессинде өзү түздөн-түз сынап көргөнү ылайыкпы дегенде, албетте, кийинки ой чындыкка жакыныраак болот.

Илимий стилде сан атоочтун эсептик саны, бөлчөк саны, иреттик сандары башка түрлөрүнө салыштырмалуу кеңири пайдаланылат, мисалы: 1941-жылкы ченемсиз бүлгүнчүлүккө алып келген согуш жылдары фашисттер 70 миң айыл-кыштакты, 1710 шаар, поселокторду өрттөп, 25 млн адам үй-жайсыз калганын айтуу эле жетиштүү. Жалпы калктын 1000 адамынын 125и жогорку жана орто, 764 орто билимдүү болуп эсептелет. "Илимий стиль" ушундай сан атоочтун эсептик сандары болот экен.

Киринди сөздөр да илимий стилде жыш колдонулат: жалпысынан алганда, биздин оюбузча, биринчиден, экинчиден, адатта, басымдуу түрдө, эреже катары, көбунчө, сиздин пикириңизче, кыскасы, тактап айтканда, чындыгында, айтмакчы, бир сөз менен айтканда деген өңдүү киринди сөздөр жолугат.

Мисалы: Адабият сабагынан билим берүү иши башка окуу сабактарынан айырмаланып, эки жактуу мүнөзгө ээ. Ал, биринчиден, көркөм сөз искусствосу катары окутулса, экинчиден, адабияттын өнүгүү тарыхы менен теориясы боюнча адабият таануу илиминин негизин үйрөтөт. (С. Байгазиев)

Кызматчы сөздөр да илимий стилдеги тексттерден кезигет: жандоочтор (тууралуу, аркылуу, жөнүндө, караганда, үчүн ж. б.), байламталар (да, же, бирок, себеби, ошондуктан, ошол себептен, анткени, эгер ж. б.), бөлүкчөлөр (гана, го, абдан ж. б.)

Мисалы: Мүйүздүү Бугу-Энеге кол көтөрүү — энеге кол көтөрүү менен барабар. Бала дал ушундай кабыл алат, ушундай түшүнөт. Мына ошондуктан тоодогу чыныгы бугуну атуу, анын мүйүзүн жара чабуу — бул бала үчүн Мүйүздүү Бугу-Энеге кол салуу менен барабар. (К. Асаналиев)

Илимий стилде ошондой эле -уу, -да мүчөлөрү аркылуу уюшулган этиштин учур чагы, -уу, -оо мүчөлөрүнөн уюшулган кыймыл атоочтордун барыш жөндөмөсүндө келиши менен болот, кийин деген жардамчы сөздөрдүн, айкашып айтылышы да колдонулат.

Мисалы: Алыкулдун өз алдынча ойлоно билген сүрөтчү катары калыптанышы үчүн жекече турмуштук тажрыйбасы жана адамдык тагдыры аныктоочу мааниге ээ болгон деп, тайманбай айтууга болот.

Ички сезимди билдирген сырдык сөздөр, илептүү сүйлөмдөр илимий стилде кездешпейт. Мен деген 1-жактын жекелик түрүндөгү ат атоочтун ордуна биз деген көптүк түрү колдонулат.

Синтаксистик каражаттар. Себеп-натыйжаны, ой-пикирлердин жыйынтыгын туюндурган багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдөр кезигет мисалы: башкы каарман адегенде көбүнчө окуяга өзү активдүү катышпай, байкоочу катары гана көз салып карап турат да, анан өзүн атуулдук жактан түптөнтүп алгандан кийин гана адам болуп, жол издөөгө өтөт.

Жайылма сүйлөмдөр жыш кездешет, мисалы: Адилеттик жөнүндө кылымдар бою эңсеп келгендер аткарылбас кыялдарын жомокко айландырыптыр. Ошол адабиятты түшүнүү, талдоо, андан күч топтоо, күл азык алуу сенин китеп окуу маданиятыңа, окумалдыгыңа байланыштуу экенин унутпаганың абзел.

"Илимий стиль" боюнча жазган макалабыз ушундай, кошумча пикирлер болсо жазып койгула, биз толуктап коебуз.

Жайгаштыруу: 2017-11-04, Көрүүлөр: 151429, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-09-13
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо