Илим жана искусство

Китеп жана адабият деген сөздөр өтө кеңири түшүнүккө ээ. Неңизинен аны көркөм жана илимий адабият деп шартту түрдө экиге бөлөбүз. Көркөм адабият акын-жазуучулардын калеминен жаралат. Ал эми илимий чыгармаларды болсо окуштуулар жазат. Көп учурда жазуучу менен окумуштуу бир эле маселени алардын ар кимиси ар башка жазып көрсөтөт. Бири илимий көз караш аркылуу турмуш менен тажрыйбага, факты менен философияга таянса, экинчиси ошол эле турмуш менен тажрыйбаны, факты менен философиялык чабытты көркөм ой жүгүртүүнүн элегинен өткөрүп образдуу берет.



Окумуштуу белгилүү бир ырааттуулук менен кадиксиз фактылардын негизинде тигил же бул кубулуштун өнүгүү закондорун, анын себебин, жыйынтыгын аныктайт. Ал өзүнүн иликтеп изилдөөсүнү натыйжасын цифралар, эрежелер, жоболор менен корутундулайт. Ошондуктан илимий китептерди, андагы теориялык эрежелерди окурман терең ойлонуп окуганда гана түшүнө алат. Жазуучу болсо турмуш чындыгын элестүү, жандуу сүрөттөө аркылуу көрсөтөт. Илим далилдеп сүйлөт, адабият (ошондой эле искусствонун башка түрлөрү) турмуш окуяларын көркөм баяндайт, образдуу чагылдырат.

Адам дүйнөнү адегенде практикалык жактан өздөштүрүп, өз муктаждыгына баш ийдирип, анан анны акылы менен чагылдырары жогоруда айтылды. Адам өзүнүн акылы менен аңдап билгендерин көбүнчө физика, химия, фиософия, тарых ж. б. илимий китептерде баяндайт. Илим көп нерселердин эң урунттуу, эң негизги касиеттердин бөлүп, ажыратып алып, анан андан терминдер, түшүнүктөр, категориялар теориялар өңдүү далпылоолор чыгарат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)