Ийне менен дарылоо (акупунктура)

Ийне менен дарылоо (акупунктура) — организмдин жумшак ткандарына атайын ийнелерди сайып дарылоошондой Бул ыкма Кытай, Корея, Япониянын байыркы элдик медицинасынан келген. Европада 17-кылымда таралып, рефлекстик дарылоо ыкмаларына кирет. Дененин белгилүү жериндеги точкаларга сайылган ийне нерв учтарын дүүлүктүрүп, дүүлүгүү мээге же жүлүнгө жетет, андан ар кайсы органдарга келип, кээ бир ооруларда жакшы натыйжа берет. Оорунун оордугуна жараша И. м. д. ооруканада же поликлиникада четки нерв системасынын ооруларында, уйку качканда, зат алмашуунун бузулушунан, травманын жана башка кесепетинен пайда болгон муун-булчуң ооруларында колдонулат. Ийне менен дарылоону врач жүргүзөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)