Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Игембердиев Самыйбек Абазович

Игембердиев, Самыйбек Абазович (1923-ж. т., Нарын облусу, Жумгал району, Саркамыш кыштагы) – геолог, Кыргыз ССР (1972) ж-а СССР мамлекеттик сыйлыктарынын (1976) лауреаты. Кыргыз ССР геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкер (1973). Москва геол. чалгындоо институтун бүткөн (1952). Атамекендик согушка катышкан (1942–45). Кыргыз ССР геол. ишканаларынын биринде улук геолог (1952), Каменский экспедициясында геол. партиянын начальниги (1955), Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын башкы инженери (1959–75), начальниги (1975–89), Кыргызстандагы сымаптын ири кендеринин бирин, калай, алтын кендерин ачууга ж-а чалгындоого жетекчилик кылган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (9-шайл.) депутаты. Эки Эмгек Кызыл Туу (1960-1971) ордени, медалдар менен сыйланган. «Кен байлыктын ардактуу чалгындоочусу» (1983) деген ардактуу наам берилген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)