Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ички дун продукция жөнөкөй тил менен

"Ички дун продукция" деген эмне? келгиле билип алалы. Кыскартылып жазылышы ИДӨ же туура айтылышы ички дун ондурум (орусча ВВП - валовой внутренний продукт).

Ички дун продукция - Өлкөдөгү керектөө, сатуу жана топтоо үчүн өндүрүлгөн товарлардын жана кызматтардын суммасы, шартка ылайык кандайдыр бир мезгил ичинде, мисалы 1 жылдык ички дун өндүрүм (продукт).

Албетте, картошка жүктөлгөн машиналар, чач тарач жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматтарынын кирешелерин бирдей чыгаруу болбойт. Бирок булардын базар баасын чыгарса болот. Ошого байланыштуу ички дун ондурумду акча менен эсептейт. Мисалы катары салыштыра айта кетсек, 2016-жылы Кыргызстандын ички дун ондуруму 6,5 миллиард долларды түзгөн (дүйнөлүк банк статистикасы). Ал эми Кытайдын 2016-жылкы ички дун продукциясы же ондуруму 11,2 триллион доллар.

Ооба, Кытай менен биздин өлкөнү салыштыруу мүмкүн эместей, бирок баарына белгилүү болгондой Кытайдын эли көп, демек, ал жакта товар жана кызматтарды көбүрөөк адамдар чыгарып жана керектешет. Ошондуктан, өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүн обьективдүү салыштыруу үчүн экономисттер ИДӨдү өлкө жашоочуларына бөлөт дагы, акчанын сатып алуулук мүмкүндүгүн эске алышат. Натыйжада калктын киши башына болгон ички дун ондуруму чыгат(Орусча, ВВП на душу населения). Ал жарандардын керектөө канааттануусунун деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берет. Кайра эле өлкөбүзгө кайрылсак, 2016-жылы (бир айга эмес, бир жылга) киши башына болгон ИДӨ 1077,04 доллар. Кытайдын киши башына болгон ички дун ондуруму 2016-жылы 8123,18 доллар болгон.

Дүйлөлүк банктын киши башына ИДӨ статистикасын карап көрөлү:

[ushka=seredina]

Экономиканын өсүүсү үчүн эмне керек? Ал үчүн үстөк баанын өсүүсү зарыл. Жөнөкөй тил менен айтканда, 100 сомдук торт жасасак, анын 70 сому ар кандай ингридиенттерге, электр энергиясына кетсе, калган 30 сому бул үстөк же кошулган баа. 30 сомдун ичинен кондитерге айлык акы, салык жана торт жасаган мекеменин кирешеси калыптанат. Канчалык кондитер тортту мыкты жасаса, чыгымдар азыраак жана үстөк баа көбүрөөк болот.

Ал эми "ички дун продукция" бардык өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармактардагы үстөк баалардын суммасы, жана анын өсүүсү сиз менен биздин эффективдүү иштөөбүздөн көз каранды. Ички дун продукция, көмүскө экономика болбосо алда-канча чоңураак болмок. Кирешесин жашырып, салык төлөбөгөндөр ИДӨдүн өсүүсүнө катышпайт дагы, башка адамдар өндүргөн жыргалдыктарды керектеп, табити - түбү жок кудуктай. Көмүскө экономикада иштеген адамдарга акча табууга жардам берүү менен сиз өзүңүздүн жыргалчылыгыңызды азайтып жатканыңызды эсиңерден чыгарбагыла.

Көмүскө экономика деген эмне? Орусча айтканда теневая экономика, же бардык мыйзамсыз акча табуу ыкмалары. Кыскасы коррупциянын чоң бир бөлүгү десек болот го. Эми бул башка тема болуп кетти. Коррупция жонундо сайттагы кызыктуу макалабыздан толук таанышып алсаныз болот. Ал үчүн төмөн жакка шилтеме калтырып коебуз. Өлкөбүздүн тышкы карызы тынымсыз өсүп жатканда, эртеңки күн кандай болуп кетет ким билет?

Кортунду. "Ички дун продукция" же ондурумдун өсүүсү ар бир адамдын профессионалдык жана жеке ишкердик тажрыйбасысыз, жөндөн жөн эле пайда болбойт. Ички дун ондурум жон эле статистика эмес, бул бардыгыбыз бирге, жеке жыргалчылыгыбыз үчүн кандай иштеп жатканыбыздын көрсөткүчү.

Кыстырма. Достор, бул макаланы интрнеттеги соц.тармактардагы досторунар менен бөлүшүп коюууну суранабыз. Эгер макаланы эксперттер окуп жатса, ой-пикирлеринерди жазууну өтүнөбүз. Бардыгыбызга пайдасы тийсин.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-09-08, Көрүүлөр: 7562, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-09-08
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо