Ичке-Төр сымап кендери

Ичке-Төр сымап кендери Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Жаңыжер жана Мүдүрүм сууларынын аралыгында. Узундугу 5–6 км, туурасы 2,5–3 км аянтта «Табылга», «Ичкесуу», «Жогорку», «Төмөнкү», «Батыш», «Коргошун», «Сымап», «Суу бөлмө», «Түндүк» сыяктуу майда кендер бар. Алардын айрымдары 1954-жылыдан белгилүү. Кен аймагында Таш-Көмүр мезгилинде пайда болгон түрдүү түстөгү акиташ, кумдук жана сланец тоотектери таралган. Алар Миңбугу антиклиналдык бүтөлүүсүн түзүп жатат. Бүктөлүү Ичкетөр тектоникалык жаракасы менен бузулуп, түзүлүшү бир топ татаалданып кеткен. Кендер ошол тектоникалык жараканы бойлой жайгашкан. Руда негизинен линза, уяча жана тарамчалар түрүндө. Алардын узундугу 120 мге чейин, туурасы 0,5–2,25 м. Негизги минералдары: киноварь, галенит, халькопирит, сфалерит, ковеллин ж. б. Кээ бир жерде башка гематит, лимонит, азурит жана малахит кездешет. Кендер герцин металлогениялык доордо гидротермден пайда болгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)