Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ичеги курт - мониезиоз

Баш барак | Ветеринария | Ичеги курт - мониезиоз

Бул ооруну кепшөөчүү айбандар жана орибатида тобундагы кенелердин денелеринде өнүгө турган тасма курттар козгойт. Козулар , улактар жана музоолор коп оорушат, алардын ичи өтүп курсагы шишип калат, кээде ичи катып калуусу дагы ыктымал, алардын заңдашы кыйындайт. Дарылоо: Фенасал - 0.1 гр\кг тируу салмагына , мышьяк-кычкылдуу калай - козуга 0,4-0.8 гр, чоң койлорго 8 айдан жогоруу - 1 гр бир башка. 12 саат ачка кармаш керек, дарылагандан кийин суу берилбейт. Кок таш (медный купорос) - 1% раствор козуларга 15- 60 мл, чоң койлорго 80-100м берилет. Альбен, ивермек, баймек, аверсет-2 жана башкалар колдонулат. Алдын алуу: кой козуларга жайытка чыккандан кийин 25-30 күн өткөндө, экинчи жолу 15 күн өткөндөн кийин, үчүнчүсүн дагы 25-30 күн өткөрүп дары берип гелминтсездирүү.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 833, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо