Ибраимов Осмонакун

Ибраимов Осмонакун - cынчы, адабиятчы, котормочу, мамлекеттик жана коомдук ишмер.

Осмонакун Ибраимов 1954-жылы 5-январда Кара-кулжа районундагы Алайку айылында туулган.
1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филология факультетин бүтүргөн.
1985-жылы филология илимдеринин кандидаттыгына,
1991-жылы илимдин докторлугуна илимий диссертациясын жактаган. Профессор (1994), Кыргыз УИАнын корреспондент-мүчөсү, бир канча универси-теттердин ардактуу доктору.
Эмгек жолун 1978-жылы Кара-Кулжа районундагы Алайку айылында орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1979-жылдан Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер,
1984-жылдан В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунун орус жана чет элдик адабияттар кафедрасында окутуучу, ага окутуучу,
1988-жылдан доцент,
1990-жылдан ага илимий кызматкер, кафедра башчысы,
1989-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы,
1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын бөлүм башчысы, пресс-катчы жана Президенттин 1-жардамчысы,
1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө вице-премьер министр,
1996–1999-жж. Индиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде атайын жана толук ыйгарымдуу элчи,
1998–1999-жж. Кыргыз Республикасынын бир эле мезгилде Бангладеш Элдик Республикасында, Непал Королчулугунда жана Шри-Ланка Демократиялуу Республикасында элчи.
1999–2000-жж. кайрадан Президенттин пресс-катчысы жана 1-жардамчысы,
2000–2005-жж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болгон.
2006-2014-жж. КРСУнун профессору жана Кыргыз-Турк Манас университетинин болум башчысы.

О. Ибраимовдун адабий сын-макаларлары 1975-жылдан баштап жарыяланып келген. Жазуучунун биринчи адабий-сын макалалар жыйнагы 1983-жылы «Адабий классиканын азыркы өмүрү» деген ат менен китеп болуп чыккан. Саясат, мамлекеттик турмуш, тарых, эл аралык мамилелер боюнча көптөгөн макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарык көргөн. Учур маселелери боюнча публицистикага да көп кайрылган автор. Ал ошондой эле илимий жана көркөм котормо менен да алектенет. Ал тарабынан А. П. Чеховдун, К. Чуковскийдин, В. Астафьевдин А. Алексиндин ж. б. чыгармалары кыргыз тилине которулган.
1987-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. «Манас» орденинин ээси (2003).

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Адабий классиканын азыркы өмүрү: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 108 б.

Көз караш: Сын китеби. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 128 б.

Орус тилинде

«История кыргызского государства» (постсоветский период).--Б.: 2015, 450 стр.

«История кыргызской литературы ХХ века», 2- изд-е, дополненное.--Б.: 2014, 517 с.

«Академик Каракеев».- Бишкек-Алматы, 2014, 240 с.

«История кыргызской литературы ХХ века» (в 2-х тт).--Б.: 2013, 1050 с.

«Кыргызская одиссея. До и после империи».--Б.: 2011, 230 с.

«Испытание историей».--Москва, Международные отношения, 2008, 130 с.

История киргизской советской лирики. – Б.: Кыргызстан, 1991. – 306 с.

История и поэзия. – Б.: Ала-Тоо, 2000. – 208 с.

КОТОРМОЛОРУ

Москвин Н. Я. След человека: Повесть. – Ф.: Мектеп. 1985. – 200 с.

Человек без середины. – Ф.: Кыргызстан, 1993. – 168 с.

Чуковский К. Чехов. – Ф.: Кыргызстан, 1988.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)