Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Ибраимов Искендер

Ибраимов Искендер (1932-ж. т., Талас облусу, Талас району, Карой айылы) – тарых илимийнин доктору (1970), профессор (1971).

1952-ж. КМУнун тарых факультетин бүткөн.

1957–61-ж. ж. Караколдогу педогогикалык институттун марксизм-ленинизм кафедрасынын башчысы.

1961–65-ж. Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институнун улук илимий кызматкери.

1965–79-ж. В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педогогикалык институтунда тарых кафедрасынын башчысы.

1979-жылдан Мамлекеттик тил жана гуманитариялык илимийдин институтунда кафедра башчысы, декан, проректор, 1993-жылдан Кыргыз мамлекеттик тоо-кен жана металлургия институтунда кафедра башчысы.

Анын эмгектери Кыргызстандын партиялык уюмунун тарыхына арналган.

100дөн ашык илимий эмгектин (а. и.6 монография) автору.

«Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б.,2003

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)