Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Ибн ал-Асир

Ибн ал-Асир (1160–1233) – араб тарыхчысы. Бир канча китептен турган «Ал Камил фи-т-тарых» («Тарыхтын толук чагылдырылышы») деген китебин жазып, Орто Азиядагы элдер жөнүндө да баалуу маалыматтарды калтырган. Мис., караханийлер мамлекети жөнүндө тарыхый фактыларды жазууда ал-Утби, Мискавейха сыяктуу окумуштуулардын эмгектерин пайдаланган. Баласагын шаарында 960-ж. көчмөндөр (кыргыздар) тарабынан кабыл алынган ислам дини, Караханийлердин мамлекетин кеңейтүү боюнча жүргүзгөн күрөштөрү ж. б. чагылдырылган. Ал негизинен Орто Азия элдеринин моңголдор басып келген мезгилге чейинки доордун тарыхын изилдеген.

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)