Худяков Юлий Сергеевич

Юлий Сергеевич Худяков (08.12.1947, Медвежка кыштагы, Кемерово, Орусия) - орусиялык таанымал археолог, тарыхчы, кыргыз таануучу, курал-жарак тарыхын иликтөөчү, этнолог. Орусиянын Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун жетектөөчү илимий адиси, Новосибирск мамлекеттик университетинин профессору. Юлий Сергеевич Худяков орто кылымдардагы кыргыздардын археологиясы, курал-жарак тарыхы, Ички Азия, Сибир, Борбордук Азия археологиясы боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги. Тарых илимдеринин доктору.

Юлий Сергеевич Худяков 1947-жылы 8-декабрда Сибирдеги Кемерово облусунун Медвежка аттуу кыштагында жарык дүйнөгө келген.

Атасы Сергей Алексеевич Худяковдун (1919-1984) түпкү теги немис болгон. Энеси Ирма Юрьевна Геккер 1916-жылы туулган. 1996-жылы анын 80 жылдык мааракеси белгиленди.

Сергей Алексеевич менен Ирма Юрьевна бир кыз, эки уул көрүп, аларды мээнеткеч кылып тарбиялашты. Туну Вера 1944-жылы туулган, кесиби боюнча геолог. Юлий - ортончусу. Кенжеси Сергей Сергеевич 1950-жылы туулган, юристтик кесипке ээ болуп, прокурор кызматында иштеп жүрүп, 1994-жылы дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кетти.

Аларды тарбиялоодо энесинин ролу өзгөчө чоң экенин Юлий Сергеевич ар дайым баса белгилейт. Ирма Юрьевна колунан көөрү төгүлгөн уз жана сүрөтчү экен.

Юлий бир ирет Улуу Жибек жолунун нугу боюнча ЮНЕСКО уюштурган эл аралык экспедицияга катышып, Кытайды аралап Чыгыш Түркстанга (Шинжаң-Уйгур автоном районунун аймагына) келгенде, музейлерге фотоаппарат менен кирүүгө тыюу салынганын эскергени бар. Арийне, экспонаттын сүрөтүн колу менен баракка чийип алууга уруксат эле. Кытайлык музейдеги кыргыздарга таандык баалуу табылганын сүрөтүн жеңил эле кагазга түшүрүп алган Юлий ошондо энесинен мурасталган өнөрүнө дагы бир ирет чындап ыраазы болгон.

Орто мектепти Юлий бурят жергесиндеги Тункин өрөөнүндөгү Кирен кыштагында кечки мектептен окуп бүтүрдү (1965-ж.).

Аскердик кызматын өтөп келип, 1969-ж. Новосибирск мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырды.

Кыргыз тарыхын Сибирь тарыхы менен айкалаштырып иликтөө зарылдыгын эң мыкты туйган окумуштуу, академик Алексей Павлович Окладников (1908-1981) академиянын Сибир бөлүмүнүн Тарых, филология жана философия институтун 1966-жылдан тартып кыйла убакыт бою жетектеди. Анын тушунда студенттер илимий конференцияларга катышып тим болбой, туңгуч баяндама тезистерин жана илимий макалаларын жарыялоого да жетишкен.

Дал ушундай илимдин уникалдуу чордонунда тарбияланган Юлий студент кезинен эле өз ара жуурулушкан эки тармакка кызыгып калды. Алардын бири - Борбордук (Ички) Азиядагы элдердин аскердик курал-жарактарын археологиялык материалдардын негизинде иликтөө болсо, экинчиси - дал ушул тармакка түздөн-түз байланыштуу Энесай кыргыздарынын тарыхы эле.

Москва шаарында өткөн кайсы бир илимий жыйындардын биринде Москва университетинин профессору Леонид Романович Кызласов Юлийге жолугуп калып, бул теманын майнапсыз экендигин айтып, аны Энесай кыргыздарынын темасынан оолактатуу аракетин да жасаган. Арийне, бул илимий тармакка ышкысы күчөгөн Юлий москвалык профессордун алиги кеңешин кулагынын сыртынан кетирди.

Кийинчерээк да Юлий бул терс кеңештин сырын аңдай албай жүрдү. Бул тек гана илимий теманы монополиялаштыруу аргасы беле, же кексе профессор жаш жигиттен болочокку кайчы пикирдешин сездиби? Айтор, Юлий бул багыттан тайбай иштей берүүнү чечти. Буга Новосибирск шаарында жарыяланган бүткүл союздук студенттик XI-XIII илимий конференцияларда мээнеткеч студент жасаган энесайлык кыргыздарга байланыштуу илимий баяндамалардын тезистери күбө.

1974-жыл жаш илимпоз үчүн өзгөчө байсалдуу мезгил болду. Тарых факультетин бүтүргөн соң, ал аспирантурага ийгиликтүү тапшырды. Ошол эле жылы москвалык тарыхчы кыз Ольга Владимировна Коршуновага үйлөндү.

Москвадагы айтылуу Тарыхый архив таануу институтун бүтүргөн Ольга жубайынын айлап талаа кезип, археологиялык экспедициялар менен алпурушкан "жарым көчмөн" турмушун кадырлап баалай билген зайып болуп чыкты.

Ошол эле жылы алар Алиса аттуу кыздуу болушту.

1982-жылы Худяковдун Лиза аттуу кызы төрөлүп, ал эми үйлөнгөнүнө 20 жыл болгондо (1994), алар өздөрүнүн бор (фарфор) мааракесин Теодор аттуу эркек балалуу болуу менен тосушту.

Новосибирскилик аспиранттын кандидаттык ишине академик А. П. Окладников менен профессор (азыркы орусиялык академик) Анатолий Пантелеевич Деревянко (1943-жылы туулган) илимий жетекчилик кылышты.

Аспирантурадагы милдетинин өтөөсүнө өз мөөнөтүндө чыгып, Юлий Сергеевич 1977-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Бул оригиналдуу диссертациялык эмгек 1980-жылы "Илим" басмасынын Сибирь бөлүмү тарабынан 12 басма табак көлөмүндө (Новосибирск шаарында) жарык көрдү. Эмгек "Вооружение енисейских кыргызов 6-XII вв." ("Энесай кыргыздарынын 6-XII кк. курал-жарактары") деп аталып, дароо эле Сибирь археологиясы жана кыргыз таануу жаатында иликтөө ишин жүргүзгөн илимпоздор арасында жандуу талкуу жаратты.

Кыргыз таануу илиминде академик В. В. Бартольд 1927-жылы жазган кыргыздар тууралуу монографиянын көөнөргүс орду жөнүндө эскерүү менен Ю. С. Худяков Кыргыз кагандыгынын эң даңазалуу аскердик ийгиликтеринин доору В. В. Бартольд тарабынан акыйкат түрдө "Кыргызское великодержавие" («Улуу Кыргыз дөөлөтү») деп аталгандыгын баса белгилейт.

Эгерде кыргыздын туңгуч араб таануучусу Өмүркул Кара уулу (Караев, 1930-2002) 1968-жылы жарык көргөн "Кыргыздар жана Кыргызстан тууралууу 6-XII кылымдардагы араб жана фарсы булактары" деген эмгегинде мусулман булактарынын кыргыздар тууралуу бай маалыматтарын атайын булак таануу жана тарыхнаама өңүтүнөн иликтеп берсе, Юлий Худяковдун жогорудагы алгачкы монографиясы энесайлык кыргыздардын археологиясына жана тарыхнаамасына арналган объективдүү жана ар тараптуу, жаңычыл иликтөө болуп калды.

Албетте, эмгектин аталышынан айгинелегендей, анын алгачкы үч бабы кыргыздардын курал-жарактарын археологиялык жана курал таануу жаатында классификациялоого арналган. Маселен, биринчи бапта ал энесайлык кыргыздардын жакындан (бетме-бет) салгылашууда колдонгон куралдары - кош миздүү кылыч, тек миздүү ийри кылыч, найза, айбалталарынын доордук эволюциясын иликтеп көрсөткөн.

Юлий Худяков өзүнүн эмгегинин акыркы (төртүнчү) бабында кыргыздардын аскердик өнөрү тууралуу жалпыламасын тартуулайт. Анда Энесай кыргыздарында курал-жарактардын пайдаланылышы 6-8 кк. айырмаланып, IX-X кк. чукул өзгөрүүгө дуушарланганы тастыкталат. Ал түгүл аскердик аргымактар да мурдагы доорлордогу көөдөнү ачык турпатынан айырмаланып, тулку-бою башынан буттарына чейин кийиз менен жабылган, кийизге жыгач тактайчалар тилке-тилке болуп бекитилген.

Ю. С. Худяков кытай жылнаамаларынын орусчага которулган тексттери менен археологиялык маалыматтарды Энесай өрөөнүндөгү аска сүрөттөрүнө салыштыруу аркылуу оор жана жеңил куралданган кыргыз атчан аскерлеринин ар кыл доорлорго таандык сүрөттөмөсүн реконструкциялап сунуш кылат. Ю. С. Худяковдун реконструкциялык сүрөттөрү далилдүүлүгү менен айырмаланып, бүгүнкү күндө Кыргызстандын жаңы окуу китептеринде хрестоматиялык колдонмого айланды.

Юлий Худяковдун кийинки монографиясы 1982-жылы "Кыргызы на Табате" ("Табат өрөөнүндөгү кыргыздар") деген ат менен 13 басма табак көлөмүндө Новосибирск шаарында жарыяланган. Дал ушул китебинде автор IX-X кк. Кыргыз кагандыгынын мезгилин жалпы эле «кыргыз тарыхынын жылдызга колу жеткен сааты» катары эң жогору баалаган (62-63 бет). IX-X кк. окуялар, автордун пикирине караганда, бүтүндөй Борбордук Азиядагы этностук тарыхтын салттык багытын өзгөртүп салды, уйгурларды кеңири аймакка чачыратты, кимак-кыпчак бирикмесинин консолидациясына жагымдуу шарт түздү, кыргыздарга Теңиртоо тарапка жол ачып берди, моңгол тилдүү көчмөндөрдүн дүйнөлүк аренага чыгуусунун алдыңкы доору - прелюдиясы болуп калды.

Юлий Худяковдун алиги эмгеги дал ошондо Алатоодогулар үчүн капысынан күн күркүрөп, чагылган чартылдагандай эле таасир калтырды. Кыргызстан Компартиясынын идеологиялык жетекчилиги бул китепке терс мамилесин пленумдук деңгээлде илгиртпей билдирген.

Арийне, Юлий Сергеевичти "кыргыз улутчулу" катары күнөөлөөгө эч мүмкүн эмес эле, кантсе да анын улуту орус эмеспи. Кызматтык жазага кириптер кылууга да Кыргызстан КП БКнын жетекчилигинин колу кыска - Новосибирск Академиялык шаарчасы, кудай жалгап, Бишкектеги (ал кезде Фрунзедеги) өкмөттүк аянттагы башкы үйгө (Ак үйгө) моюн сунган эмес.

Юлий Худяковдун бул эки эмгеги расмий көз карашка эч канааттанбаган кыргызстандык илимпоздорго чоң демөөр болду. Эки китепти тең алар колдон түшпөгөн баалуу окуу куралы катары пайдаланышты, студент тарыхчыларга үстөккө-босток окутушту.

«Кыргыз» сөзү орус тилинде «киргиз» деп гана айтылган ошол заманда Ю. Худяковдун дап-даана «кыргыз» деп жазып жатышы тарых жана тарыхчы үчүн ар бир тамга, ар бир тыбыштын маанисин ачып салды. Мунун өзү орус тилин экинчи эне тили катары көрүп, кыргыз орфографиясын орус тилинин орфографиялык талаптарына чидерлеткен кыргызга уйкудан ойгонууга огожо болду.

1984-жылы орусча жарык көргөн "Кыргыз ССРинин тарыхы" беш томдугунун алгачкы тому "кызласовчул" рухта жазылса да, ага жанаша эле худяковчул пикирлер өз тамырын жая берди.

1982-жылы маркум археолог Ысман Кожомбердиев аксакалдын чакыруусу менен Кыргызстанга алгачкы ирет келген жаш окумуштуу Юлий Худяковдун ошол убакыттан тартып Алатоого жасаган ар бир жаңы сапары жаш окумуштуулар үчүн майрамга айланган.

Экинчи жагынан, Юлий Сергеевичтин айтуусунда, анын эмгектеринин кыргыздар тарабынан өтө жылуу жана жандуу кабыл алынышы, чын дилден колдоосу илимпоз үчүн чоң канагаттануу жана шык берген. Андан кийин ал ушул эле багытта өзгөчө дем менен иштей баштаган.

1986-жылы Юлий Сергеевич "Кыргызы на Енисее" ("Энесайдагы кыргыздар") аттуу окуу куралын жарыкка чыгарды. Тарых илимдеринин доктору Ө. Караев "Учитель Кыргызстана" гезитине жарыялаган сын пикиринде (1987-ж., 20-ноябрь) энесайлык кыргыздардын азыркы теңиртоолук кыргыз элине этностук компонент катары жуурулушканы тууралуу Юлийдин бүтүмү акыйкат экендигин белгилеп, орто кылымдардагы чыгыш жазуу булактары да ушундай бүтүмдүн калетсиздигин тастыктаарын жазат.

Бул окуу куралында Юлий Сергеевич «хакас» аттуу жасалма терминдин илимде жана ХХ к. этносаясий аталышта колдонулуп калышынын жагдайын ырааттуу жана объективдүү негизде баяндап берген. Ал синолог С. Е. Яхонтовдун, арабист Ө. Караевдин, этнограф А. Бутанаевдин, тарыхчы Н. А. Сердобовдун жана башка изилдөөлөрдүн «хакас» сөзү кыргыз этнониминин кытайча ся-цзя-сы (хя-гя-сы) түрүндө жазылышынын эле бир түрү экендиги тууралууу пикирлерин да ортого салып, Л. Р. Кызласовдун жана анын уулу И. Л. Кызласовдун "хакас" аталышын алган эл эзелтеден болгон, кыргыздар алардын төбөлдүк кылчу чакан уруусу гана болчу деген жоромолунун негизсиз экендигин дагы бир ирет тастыктап берет.

Айтмакчы, өз кезегинде академик В. В. Бартольд да бул "хакас" термини Миң үүс (Миң өзөн - орусча Минусин) өрөөнүндөгү жергиликтүү бийлик ээлери жана интеллигенция тарабынан автономиялык бийлик аталышы катары 1923-жылы жаңылыш кабыл алынып калгандыгына өтө кейигендиги маалым.

Бул чакан да болсо, мааниси томдорго татыган эмгекте Юлий Сергеевич энесайлык кыргыздар азыркы теңиртоолук кыргыздарга, фуйү кыргыздарына, саха (якут), тува, хакас, башкыр, ногой, калмак сыяктуу бир катар улуттарга этностук компонент катары жуурулушканын жазып, Энесайдагы кыргыздарды бүгүнкү хакастарга гана байыркы ата-баба катары ыйгарып, энчилеп, ошонун негизинде тарыхтагы Энесай кыргыздарын "байыркы хакастар" же "орто кылымдардагы хакастар" деп кайра атоо таптакыр жарамсыз экендигин (72-б.) өзгөчө баса белгилейт.

1985-жылы Моңголияда (Улаан-Баатыр шаарында) Юлий Сергеевичтин "Моңголиядагы кыргыздар" аттуу абдан кызыктуу макаласы жарык көрдү. Өзү кыдырган борбордук жана ички азиялык аймактардан кыргыздарга таандык археологиялык эстеликтердин издерин жаземдебей таанып, илим чөйрөсүнө киргизүүгө умтулган бул аалымдын ар бир макаласы, ошонун ичинде алиги улаан-баатырдык макала да новатордугу, жаңычылдыгы менен айырмаланат.

1986-жылы жарык көргөн "Вооружение средневековых кочевников Южной Сибири и Центральной Азии" ("Түштүк Сибирдеги жана Борбордук Азиядагы орто кылымдардагы көчмөндөрдүн курал-жарактары") аттуу көлөмдүү монографиясы менен Юлий Сергеевич жалпы эле борбордук жана ички азиялык калктардын аскердик өнөрүнүн тарыхын изилдөөдө жаңы баскычты жаратты.

Бул жалпылама эмгектин жана башка иликтөөлөрдүн негизинде ал 1988-жылы доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоду. 1991-жылы болсо Орусиянын Жогорку аттестациялоо комиссиясы анын профессордук наамын тастыктады.

Т. Чоротегиндин эскеришинче, ал Юлий Сергеевич Кыргызстанга келген сайын анын жаш илимпоздор менен жолугушуусун уюштуруп турган. Ошондой күндөрдүн биринде аны жаш тарыхчы Кубат Табалдиев менен тааныштырган. К. Табалдиев кийинчерээк Ю. Худяковдун аспиранты болуп калган.

Кубат Табалдыев Новосибирск аспирантурасын ийгиликтүү аяктап, Юлий Сергеевичтин илимий жетегинде диссертациясын жактаган алгачкы кыргыз археологу болуп калды.

1989-жылы июнда уюшулган Кыргызстан Жаш Тарыхчылар Жамаатынын (кийинчерээк – Кыргыз Тарых Коомунун) археология багытын ырааттуу жетектеп келген Кубат Табалдыев дээрлик бардык археологиялык экспедицияларында Юлий Сергеевичти насаатчы, устат катары катыштырып келди.

Юлий Сергеевич жаш кыргыз археологдорун илимге дыйкан катары мамиле жасоого, илимдин аксөөгү эмес, анын кадыресе кызматкери болууга үйрөтүп келди.

1988-жылы сентябрда Кыргызстандын борборунда Бүткүл союздук 5 түркологиялык конференция өткөрүлдү. Бул бараандуу жыйынга куру кол келбей, Юлий Сергеевич Кыргыз таануу боюнча эл аралык комплекстүү программаны түзүп, аны жүзөгө ашыруу сунушу менен чыкты. Арийне, бул алгылыктуу сунуш ал кезде Кыргызстан Илимдер академиясынын жетекчилеринин куру убадасы менен кагазга бастырылып тынды.

Азыркы тапта Юлий Сергеевич ушул эле сунушту жаңы шартка ылайыктап, эл аралык түркологиялык программа катары көтөрүүнү, анын ичинде кыргыз таануу тармагынын иш-чараларын да ырааттуу жүзөгө ашыруу ылайык деп эсептейт.

Ю. Худяковдун эмгектери 1980-жылдардын экинчи жарымынан тартып кыргызстандык басылмаларда (Кеңеш Жусупов жетектеген "Ала-Тоо" журналында, Кеңеш Жусупов жарыялаган "Кыргыздар" сериясынын бардык чыгарылыштарында, ошондой эле "Кыргызстан маданияты" сыяктуу гезиттерде) ар кыл көлөмдө кыргызчага которулуп жарыяланып жатты.

1995-жылы Юлий Сергеевичтин монографиясы алгачкы жолу Кыргызстандын өзүндө (орус тилинде) толук басылып чыкты. Кыргызстан Жаш Тарыхчылар Жамаатынын өтүнүчү менен 1992-жылы жазылган "Кыргызы на просторах Азии" ("Кыргыздар Азиянын мейкиндигинде») аттуу монография алгач "Учкун" мамлекеттик концернинин "эшигин майнапсыз каккан" эле.

Арийне, үч жылдан соң гана эмгек "Кыргызстан-Сорос" Фонду тарабынан басылып чыкты (мында Фонддун ошол кездеги жетекчиси, профессор Чынар Жакыпованын уюштуруучулук салымы чоң болду).

Анын алгачкы чыгарылышынын редактору профессор Михаил Федоров "ат үстүнөн" мамиле кылып, натыйжада ошол эле 1995-жылы китептин оңдолгон жаңы басылышын даярдоону Фонд Т. Чоротегинге тапшырды. Бул басылма азыр библиографиялык таңсык китепке айланды.

Айтмакчы, 1990-жылдардын биринчи жарымы да Орусиянын тарых илиминин алкагында "хакас" термини боюнча ата-бала Кызласовдор таңуулаган терминологиялык талаш-тартыштар менен өттү.

Дал ушул орусиялык тарыхнаамадагы талаш-тартыштарга Юлий Сергеевичтин Бишкекте эки ирет жарыяланган монографиясы да, "Гуманитарные науки в Сибири" аттуу журналдын 1995-жылкы 3-санына жарыланган "Новый виток полемики о термине "хакас" ("Хакас" термини тууралуу талаш-тартыштын жаңы айлампасы") аттуу макаласы да жыйынтыктоочу кызмат аткарды.

Ал эми Юлий Сергеевич профессор В. Я. Бутанаев менен бирдикте жарыялаган "История енисейских кыргызов" («Энесай кыргыздарынын тарыхы", Абакан 2000) аттуу монография жогорудагы суроолорду жаңы кылым үчүн дагы бир ирет жалпылап сыпаттап берди.

Юлий Сергеевич илимий гана эмгектер жазбастан, илимий-популярдуу чыгармалары аркылуу да кыргыз таануу илиминин жаңы ачылыштарын кеңири калайыкка таанытып келет. Маселен, 2003-жылы Санкт-Петербургда анын "Сабля Багыра: Вооружение и военное искусттво средневековых кыргызов" ("Багырдын кылычы: Орто кылымдардагы кыргыздардын курал-жарактары жана аскердик өнөрү") деп аталган татынакай бир китепчеси жарык көрдү (бул китеп Militaria Antiqua сериясынын алкагында жарыяланды). Анда кыргыздар Азиядагы эң байыркы түрк тилдүү эл катары сыпатталат (24-бет).

Айтмакчы, учурдагы орус адабиятындагы "кыргыз" терминине кайрадан (башка өңүттөн) кылчая кетсек. Кыргызстанда бул сөз 1990-жылдан бери орус тилинде "кыргыз" түрүндө расмий сунушталып келет.

Профессор Юлий Сергеевич Худяков өз илимий ишмердүүлүгүндө тек гана кыргыз таануу темасы менен чектелип калган эмес. Ал Борбордук жана Ички Азиянын кеңири алкагында түрк, монгол, корей жана тунгус-манчжур тилдүү калктардын бардыгынын аскердик өнөрүн, көчмөн жана отурукташкан маданиятын, этностук жана саясий тарыхын, диний ишенимдерин, руханий дүйнөсүн иликтөөгө өз салымын жигердүү кошуп келет.

Кыргыз чыгыш таануучулары Өмүркул Караев, Тынчтыкбек Чоротегин, дастан таануучу жана этнограф Имел Молдобаев, жазуучу Кеңеш Жусупов менен тыгыз кызматташтыкта болгон.

Кыргыз археологу Кубатбек Табалдиев профессор Худяковдун илимий жетекчилиги астында археология адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.

Ороз Солтобаев да археология жаатында Ю. С. Худяковдун жетеги астында илимий ишин улантууда.

1995-жылы ноябрь айында Кыргызстан Жаш Тарыхчылар Жамааты өз аталышын жана курамын өзгөртүп, Кыргызстан Тарыхчылар Коому болуп калды. Бул жыйын маалында бир катар чет өлкөлүк кыргыз таануучуларга, анын ичинде Ю. С. Худяковго "Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун Ардактуу мүчөсү" наамы бир добуштан ыйгарылды.

Андан мурда Юлий Сергеевичке академик Асанбек Табалдиев атындагы сыйлык ыйгарылган.

2000-жылы ага Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин ардактуу профессору наамы да ыйгарылды.

Ал эми 2002-жылы окумуштуунун кыргыз тарых илимине сиңирген албан эмгеги акыйкат бааланып, Ю. С. Худяков Кыргыз Республикасынын «Данакер» ордени менен сыйланды.

2008

2006

2000

Борисенко А. Ю., Худяков Ю. С. Немцы в Сибири в XV – XVII вв. // Древности Алтая: Изв. лаборатории археологии. – Горно-Алтайск, 2000. – №. 5. – С. 136 – 139., на рус. яз. (Borisenko A. Yu., Hudyakov Yu. S. Nemcy 5 Sibiri 5 XV – XVII vv. // Drevnosti Altaya: Izv. laboratorii arheologii. – Gorno-Altajsk, 2000. – №. 5. – S. 136 – 139., in Russian).

1999

Худяков Ю. С. Торговые пути, связывавшие Южную Сибири и «Великий Шелковый путь» // Кузнецкая старина. – Новокузнецк, 1999. – Вып. 4. – С. 72 – 84., на рус. яз. (Hudyakov Yu. S. Torgovye puti, svyazyvavshie Yuzhnuyu Sibiri 1 «Velikij Shelkovyj put» // Kuzneczkaya starina. – Novokuzneczk, 1999. – Vyp. 4. – S. 72 – 84., in Russian).

Худяков Ю. С., Табалдиев К. Ш. Реконструкция конского убранства древних тюрок центрального Тянь-Шаня // Российская археология. – 1999. – № 3. – С. 50 – 58., на рус. яз. (Hudyakov Yu. S., Tabaldiev K. Sh. Rekonstrukciya konskogo ubranstva drevnih tyurok centralnogo Tyan-Shanya // Rossijskaya arheologiya. – 1999. – № 3. – S. 50 – 58., in Russian).

1998

Худяков Ю. С. Проблема генезиса культуры хуннского времени в Горном Алтае // Древности Алтая: Изв. лаборатории археологии. – Горно-Алтайск, 1998. – № 3. – С. 97 – 112., на рус. яз. (Hudyakov Yu. S. Problema genezisa kultury hunnskogo vremeni 5 Gornom Altae // Drevnosti Altaya: Izv. laboratorii arheologii. – Gorno-Altajsk, 1998. – № 3. – S. 97 – 112., in Russian).

1997

1996

Khudiakov Yu. S. Outlooks for development of technique for retrospective analysis of the Data on the Earth’s catastrophes of the space origin // Космическая защита земли. – Снежинск, 1996. – С. 43 – 44., in English

1995

Khudiakov Yu. S. The Weaponry of a Kirgyz Warrior in the Late Middle Ages // «Manas» epos and the World’s Epic Heritage. – Bishkek, 1995. – P. 21 – 23., in English

1994

Khudiakov Yu. S. The Commercial Routes Binding up «The Great Silk Road» with Southern Siberia // J. of Korean Ancient Historical Soc. – Seoul, 1994. – N 10. – P. 329 – 345., in English

1993

Khudiakov Yu. S., Borodovsky A. P. Excavations of the Mid-Katun // Altaica. – Novosibirsk, 1993. – Iss. 3. – P. 16 – 19., in English

1992

Kubarev 5. D., Khudiakov Yu. S., Borodovsky A. P., Borodovsky A. P., Cheremisin D. 5., Mylnikov 5. P. Archaeologikal Inverstigations on the Mid-Katun River // Altaica. – Novosibirsk, 1992. – Iss. 1. – P. 43 – 50., in English

1991

Худяков Ю. С., Ким С. А. Музеефикация памятников истории и культуры на территории Убсу-нурского биосферного заповедника // Проблемы археологии и этнографии Сибири и Дальнего Востока: Тез. докл. РАСК. – Красноярск, 1991. – Вып. 3. – С. 99 – 101., на рус. яз. (Hudyakov Yu. S., Kim S. A. Muzeefikaciya pamyatnikov istorii 1 kultury na territorii Ubsu-nurskogo biosfernogo zapovednika // Problemy arheologii 1 etnografii Sibiri 1 Dalnego Vostoka: Tez. dokl. RASK. – Krasnoyarsk, 1991. – Vyp. 3. – S. 99 – 101., in Russian).

1990

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)