Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Холин

Холин - үч метил - --кычкыл этиламмоний гидрокычкылы, (СН3)3 N+ СН2 СН2 ОН . ОН-. Жаныбар, өсүмдүк жана микроорганизмдердин ткандарында болот. Фосфолипиддердин, ацетилхолиндердин курамына кирет. Метилдештирүү биохимиялык реакциялардагы метилдик топтун донору. Мисалы, метиониндин биосинтезине катышат. Линотроптук таасирге ээ, боордун май инфильтрациясынын өрчүп кетишин эскертип турат. Кээ бир учурда аларды В витаминин тобуна кошсо да, ал витамин болуп эсептелбейт. Жандуу ткандардын структурасын түзүүдө пластикалык материал катары колдонулуп серинден синтезделет. Жаныбарлардын холинди биосинтездөөсү чектелген, ошондуктан ал организмге азык менен гана келет. Холиндин жетишсиздиги, белоктун жетишсиздиги менен боордун май дегенерациясына алып келип, боор циррозун пайда кылат. Холинге эт, балык, жумуртка сарысы маш буурчак уну бир кыйла бай. Адамдын холинди суткалык керектөөсү 250-600 мг.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)