Хоккей

Хоккей — командалык спорт оюну. Хоккейдин үч түрү (музда шайба, топ менен, чөптө ойноо) бар. Биздин өлкөдө негизинен хоккей шайба жана топ менен ойнолот. Хоккейде оюнчу конькиде тез жана жеңил кыймылдагандыктан башка спорт оюндарына караганда оюндун ылдамдыгы жогору болот. Андыктан организмге көбүрөөк күч келет. Ошондуктан оюнчулар тез-тез (1 — 2 мин.) алмашылып турат жана аны менен көбүнчө жаш эркектер ойнойт. X. жүрөк-кан тамыр, дем алуу жана нерв системасын, таяныч-кыймыл аппаратын чыңдайт, күчтүүлүккө, кайраттуулукка тарбиялайт. Өлкөдө хоккей массалык оюнга айланды. Балдардын спорт мектептеринде хоккей менен машыгууну 10—11 жаштан баштаса болот. Короо командаларынын ортосунда «Алтын шайба» байгеси үчүн мелдештер өткөрүлүп, ага миңдеген бала катышат.

Хоккей балдардын ден соолугун чыңдап, тартиптүүлүккө тарбиялайт. Хоккей ойноп жатканда оюнчулар бири-бирине урунуу, жыгылуу, клюшка, шайба же топ тийүүдөн кырсыкка учурашы мүмкүн. Кырсыктын алдын алууда коргоочу шлем, беткеп, тизеге кийгич колдонуу, музду жакшы даярдоо жана оюнчулар тартипти сактоосу зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)