Химиялык реакция

Дүйнөдө ар бир көз ирмем сайын химиялык реакция деп аталуучу сансыз көп процесстер жүрүп турат. Кызыл чайга бир кесим лимон салсаң - чайдын өңү саргыч тарта түшөт, Бир тал ширеңкени чаксаң - анын күкүртү жарк этип күйөт. Картошканын кесилген жерине йод тамызсаң - ал тез эле жайылып көгүш так пайда кылат. Мунун бардыгы химиялык реакциялар. Мындай реакциялар эки же андан көп заттардын бири-бири менен өз ара аракеттенишүүсүнөн пайда болуп, натыйжада жаңы заттар келип чыгат. Реакциянын айрымдары бизге байкалбай жүрсө, кээ бирлерин оңой эле байкоого болот. Химиялык реакциялар өтө жай же өтө тез жүрүшү мүмкүн. Өтө тез жүрүүчү реакциянын мисалы - жарылуу: катуу же суюк заттар көз ирмемде көп өлчөмдө газ бөлүп чыгарып чачырап кетет. Болот такта өзүнүн жалтырагын көпкө чейин сактай алат.

Бирок анын бети акырындык менен саргайып дат баса баштайт. Бул процессти химиктер коррозия деп аташат. Коррозия химиялык реакциянын жай жүрүүчү, бирок өтө бүлдүргүч түрүнүн мисалы болуп эсептелет. Ал жыл сайын бүткүл дүйнө жүзүндө өндүрүлгөн металлдын ондон бирине жакынын жок кылат. Атайын заттарды колдонуу менен, ага каршы күрөш жүргүзүлүүдө. Көп учурларда, айрыкча өнөр жайда, керектүү продукцияларды эртерээк алуу үчүн бул же тигил химиялык реакцияларды тездетүүгө туура келет. Мындай учурда катализаторлор колдонулат.

Бул заттар өзүнчө бир сыйкырдуу таяк сыяктуу: өзү реакцияга катышпайт, бирок анын жүрүшүн тездетет. Ар түрдүү химиялык реакцияларды үйрөнүү, иш жүзүнө ашыруу менен адамдар табияттан тынымсыз үйрөнүп отурат. Кээде андан озуп да кетет. Химиялык реакциялардын жардамы менен адам табиятта болбогон нейлон, капрон сыяктуу көп заттар ды чыгарды. Бирок али ачыла элек купуя сырлар алдыда турат. Кайсы гана өсүмдүк болбосун ал абадан көмүр кычкыл газын жутуп, өзүнөн кычкылтекти бөлүп чыгарат. Ушул процесстин жүрүшүндө жашыл жалбыракта көп сандаган өтө баалуу заттар пайда болот. Бул процесс - фотосинтез, ал күн нурунун аракети менен гана жүзөгө ашырылат. Бирок адам баласы өз лабораторияларында фотосинтезди пайда кылууну али өздөштүрө албай жатат.

Орто кылымдардагы алхимиктер химиялык реакцияларды аныгын билбей эле жүргүзүшкөн: заттарды аралаштырып, андан эмне пайда болорун да билишкен эмес. Ушул мезгилде химия так илимге айланды. Ал математика, физика менен тыгыз байланышта. Азыр илимпоздор бул же тигил химиялык реакция кандайча жүрөрүн, ага кандай шарт талап кылынарын, натыйжада кайсы продукту канча өлчөмдө алынарын алдын ала билишет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)