Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Химиялык формулалар

Химиялык формулалар — заттар курамын химиялык белгилер (сим-волдор) жардамы менен туюнтуу. X. ф элемент атомунун символунан түзүлүп, ар бир элемент канча атому бар экендиги бүтүн сан менен берилип, мол-дагы атомдор өз ара байланышын көрсөтөт. Зат курамына кирген атомдор жана алардын сандык катышын гана көрсөткөн, ал эми ортосундагы химиялык байланыш жаратылышын көрсөтпөгөн формула эмпирикалык формула деп аталат. Мисалы, Р2О5. Химиялык формула заттар сандык жана сапаттык мүнөздөмөсү болот. Мисалы, Н2SО4—күкүрт кислотасы. Масс. саны моль массасына (98 г/моль) барабар. Мол-сы, б. а. 1 моль Н2SО4 2 г суутек, 32 г күкүрт жана 64 г кычкылтектен турат. Структуралык формула молекуладагы атомдор өз ара байланышын жана мейкиндиктеги абалын аныктайт. Формуланы жазууда он зарядка ээ атом биринчи жазылат, мисалы, КС1, Nа2SО4, NаС1 жана башка Заттар химиялык формуласын түзүү үчүн курамдагы ар бир элемент% боюнча массасын анын ат. м-на бөлүп, алынган сандар катышы чыгарылат. Мисалы, жез колчеданында 34,64% Сu, 30,42% Fе, 34,94% 8 табылган. Бул сандар ат. м-рына Сu (63,55), Fе (55,85), S (32,06) бөлгөндө 1:1:2 катышы алынат. Демек, жез колчеданы химиялык формуласы СuFеS2 болуп жазылат.

Комментариев: 1 RSS

1 Гүлпери 21-12-2017 20:48

Көмүртектин (4)валенттүү окцидинини формуласыЖооп: бул CO2

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)