Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Салам, дүйнө!

Баш барак | Жаңылыктар | Салам, дүйнө!

Бул биздин сайттын биринчи жазууcу. Ошентип биз көп жылдан бери сайтыбызды башкарып келген Ucoz системасынан арылдык, ооба, ооба! "арылдык". Бул системаны Сиздерге дагы сунуштабайбыз, анткени Ucoz системасы бир гана "чектөөлөрдөн" турат, жана ар бир чектөөнү алып салуу үчүн акча төлөө керек. Эгер Сиз сайт жасайын деп турсаңар эч качан Ucoz системасын колдонбогула. Андан көрө бир аз акча төлөп, акылуу хостингке өтүп алсаңар бир топ акчаңар үнөмдөлөт. Силер таң калып жатсаңыздар керек, "а эмнеге акча үнөмдөлмөк эле, эгер хостинг акылуу, ал эми Ucoz акысыз болсо" - деп. Биздин тажрыйбага ишенип койгула! Ucoz системасы акысыз болгону менен кийин 10 эсе акчаңарды сыгып алат.

Ошондуктан сайт жасайын деген оюңар болсо, дароо эле акылуу хостингке өтүп, wordpress, joomla, эгер тишиңер өтсө Drupal сайт кыймылдаткычын орнотуп алгыла. Бирок чынын айтсак, баары бирдей сунуштаган Wordpress системасынан баш тартып койсоңор жаңылбайсыз, бул сайт кыймылдаткыч системасы эң эле начар экен, анын үстүнө, хостинг берген виртуалдык серверди өтө эле маалымат база суроолору менен жүктөп, серверге күч келтирет. Кошумча айта кетсек бул сайт кыймылдаткычы, эң эле начар оптималдаштырылгандыгына байланыштуу, абдан жай жана стабилдүү ЭМЕС иштейт, албетте, бир караганда байкалбастыр, бирок 500 ашык макала киргизе баштаганда ар кандай кылык жоруктары менен жашыңарды сурайт.

Кыскасы, wordpress аман эле болсун, ага караганда Joomla системасы кичине жакшыраак иштейт, бирок аны тууралоо үчүн бираз мээ керек экен. Албетте Drupal системасы порталдык система жана чоң чыңалууларга чыдай алат. Бирок чоң системага чоң талаптар болот эмеспи! Ооба, айтылган үч сайт системасы инернет мейкининде акысыз эле табылат, жана кайсынысын тандоо бул жеке ар бир адамдын өз иши, булардан дагы башка сайт системалары бар да албетте. Аларды дагы карап көргүлө. Бирок айтылган үч сайт кыймылдаткычынын бирөөсү дагы бизге туура келген жок. Ошондуктан биз таптакыр башка сайт системасында отурабыз. Ал система кандай иштээрин убакыт көрсөтөөр, ал эми эмне система экенин билгиси келген адам бат эле билип алат эпеспи :).

Бир гана нерсени айтып коёлу. Биз сайт системасын тандап жатканда, биз отурган хостинг кызматынын тарифине туура келген жана күнүнө 50000-100000 адам киргенде сайт нормалдуу иштей турган, анча талаптуу эмес, сервердин ресурстарын эң аз талап кылуучу, адаптивдүү шаблондо иштеген жана коду ачык жана жөнөкөй болгон, эң башкысы резервдик копия жасаганда жана аны калыбына келтирүүгө оңой болгон, материалдарды массалык жана кайсы бир керектүү убакытта автоматтык түрдө жайгаштыра алган, башкаруусу оңой жана жупуну сайт системасы керек эле. Сиз бул жаңылыкты окуп жаткан сайт кыймылдаткычы дал ушундай. Каалоочулар болсо, бул сайттын кыймылдаткычын сайт ээлеринин баракчасынан акысыз көчүрүп алсаңыз болот. Башында айтып өткөндөй эле коопсуздук маселесине байланыштуу бул кайсы сайт системасы экенине биз айта албайбыз. Бирок билгиси келген адам тез эле билип алат. Эгер пикирлер болсо, төмөн жакка жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1151, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-17, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу