Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Халс Гальс Франс

Халс, Гальс Франс (1581 же 1585–жылдын аралыгында, Антверпен – 1666, Харлем) – голланд живописчиси, реалист портретчи. Х-тын искусствосу демократтуулугу менен айырмаланат, чыгармаларында өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн голланд элинин рухий өнүгүүсүн чагылдырган. Харлем аткычтар тобунун портреттерин (1616, 1623–27, 1627, 1633, 1639, Харлем, Ф. Халс музейи) тарткан. 1620-ж. портрет, жанрдык көрүнүштөрдү жана айрым диний композицияларды да жараткан ("Инжилчи Лука", "Инжилчи Матфей", Одесса, Батыш жана чыгыш өнөр музейи, 1623–25). 1620–30-ж. Х. ар кандай социалдык катмардагы адамдардын галереясын ("В. ван Хейтхейзен", 1625–36-ж. Вадуц, мамлекеттик музей, "Малле Баббе", Сүрөт галереясы, Берлин-Далем, "Цыган аял", Лувр, Париж, "Мулат", Сүрөт искусство музейи, Лейпциг, баары – 1630-ж. чен) түзгөн. 1640-жылдардагы портреттеринде психологиялык мүнөздөмө тереңдеген ("Ыйык Елизавета госпиталындагы регенттер", 1641, Ф. Халс музейи, Харлем, "Жигиттин портрети", 1642–50, Эрмитаж, Ленинград жана башкалар). Х-тын чыгармачылыгы голланд портрет искусствосу менен жанрдык живопистин өнүгүшүнө түрткү берген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)