Грипп деген эмне?

Грипп инфециялык оорулардын эн коопту жана оор ооруларга кирет, анткени бул оору менен ооруганда бронхиалдык системалар жабыркап, коп учурда өрчүшүп кетет. Шартка ылайык, грипп, массалык интоксикация менен өтүп, өйдөңкү дем алуу органдарын жабыркатат. Оной өрчүшүп кетүүсү менен грипп абдан кооптуу оорулардын катарына кирет, мисалы, өпкөнүн сезгенүүсү, ошондой эле грипп болгондо организмде көптөгөн башка оорулар козголот.

Грипптин пайда болуу себептери

Көп учурда грипптин жугуу булагы ал оору менен жабыркаган адам болот, ал адам менен ар кандай жакын контакт болгондо, аба аркылуу, кол кармашканда, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө грипп адамдан адамга жугат. Грипп оорусу кышкы мезгилде күчөп, эпидемия мүнөзүндө болот. Грипптин массалык жайылуусу орточо эсеп менен он жылда бир болот.

Грипптин симптомдору

Грипптин эн башкы симптому бул дененин температурасынын которулушу (39-40градус), чыйрыгуу, муундардын оорушу, бут дененин алсыздыгы, баш ооруу, жарыктан коркуу сезиминин пайда болуусу, көз чуңкурларынын оорушу, дененин тердеши. Оорулуу адамдын табити төмөндөп, уйкусу бузулуп, оозу кургап, туш коруп жатканда өзүнчө сүйлөнүп, ошондой эле голлюцинация болушу мүмкүн. Мындай клиникалык абалда, толук дем алуу системалары жабыркаганы көп байкалбайт, бирок, жөтөлүү пайда болуп, тамак кытышып, мурундун бүтүшү байкалат. Грипптин оор учурларында мурундан кан агып, териде жылдызча формасында канталоолор пайда болуп, булчуңдар тырышып, эс-учун жоготуп коюуулар да кездешет. Көп учурда ооз-мурундун тегерегинде майда жаралар пайда болот.

Айтып коюуу керек, грипптин мындай симптомдору бардыгында эле боло бербейт. Шартка ылайык, көп оорулууларда грипп өзүн ар кандай көрсөтөт. Ушуга себептүү, оорулуу адамдын абалы жеңил, орто жеңил, оор жана абдан оор абал болуп такталат.

Грипп оорусуна бала-чакадан баштап абышка-кемпирлерге чейин чалдыгышат. Бирок оорунун өтүшү орто жашаган адамдардыкына караганда жаш балдардыкы жана улгайган адамдардыкы иммундук системасынын начар өрчүгөндүгүнөн ар башка болот, ушуга себептүү ар кандай өрчүп кетүүлөр жаш балдарда жана улгайган адамдарда көп болот.

Оору башталганда биринчи жардам

Оорунун биринчи симптомдорун сезгенде, төмөнкү чараларды коруу керек: малинадан же карагаттан компот жасап ысык түрдөө ичүү зарыл, жылуу жуурканга оронуп, астыңарга жылуу суу куюлган бөтөлкөлөрдү тердеш үчүн салып алсаңар болот, ошондой эле сөзсүз түрдө ооз-мурундун ичин марганцовканын мала кызыл аралашмасы менен чайкоо зарыл, сарымсак жана пияздан шуру жасап моюнуңарга илип алуу абзель, кайнатылган суусундуктардан көп ичүү зарыл, ушундай шарттарды сактасаңар грипп оорусу оорчулуксуз 3-күндө тарап кетет.

Гриппти дарылоонун эң маанилүү эки шарты.

Башка оорулар сыяктуу эле, грипп дененин температурасынын көтөрүлүшү менен өтөт. Ал эми температуранын көтөрүлүшү, бул денени сактоо механизминин иштей баштаганына байланыштуу болот. Организм бактериялар менен күрөшүп, өзүн өзү дарылаганга аракеттенет. Температуранын которулушу менен организмдеги көптөгөн бактериялар өлүмгө учурайт. Ушуга себептүү дененин температурасын антибиотиктер менен 37,5градустан төмөн түшүрбөө зарыл, бул биринчи шарт! Экинчи шарты: Организмди оор тамактануу менен жүктөбөө керек, анткени иммундук системага дарт менен күрөшүүгө көп күч-кубат талап кылынат, ал эми оор тамактанып алганда ал күч кубаттын бары тамак-ашты иштетүүгө сарптала баштайт. Тамак-аш майлуу болбошу зарыл, канчалык жеңил тамак болсо ошончо организмге жакшы. Тамак суюк же каша консистенциясында болсо эң жакшы, жана кайнатылган суусундук көп кабыл алуу талап кылынат.

Элдик рецепт

Элдик рецепттерге кайрылсак: Орто өлчөмдөгү чийки пиязды алып, сүрмөдөн (тёрка) өткөрүп, 1стакан сүттү жылытып (кайнатпаш керек), пиязды аралаштырып, 20 мүнөт муздап калбаш үчүн жылуу жерде демдеп коюуу керек. Бул тундурманы жылуу түрдө жана кечинде жатаарда ичүү зарыл. 1 стакандын баарын иче албасаңар жарымын ичип, калган жарымын эртең менен кайра жылытып ичип алсаңар болот. Мындай тундурманы бир нече күн катары менен ичүү зарыл, ошондо грипп өрчүшпөй өтөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)