Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Графика

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Графика

Өзүңөрдүн алгачкы тарткан сүрөттөрүңөрдү эстеп көргүлөчү. Силер аларды карандаш, сыя, акварель боёгу менен көбүнчө кагазга тарткансыңар. Силер албетте графика менен иш жүргүзүүнү билген эмессинер.

Ал эми графика - бул сүрөтчү кагазга тарткан сүрөт, мындан тышкары компьютердик графика дагы болот. Сүрөт көбүнчө ак-кара, айрым учурда гана түстүү болот. Силер графиканы кадам сайын жолуктурасыңар. Алар - газетадагы карикатура, китептеги сүрөт-иллюстрациялар, көчөгө илинген плакаттар, почта маркасы, акча белги, товар таңгактарындагы шрифт, ошондой эле көргөзмө залында, музейде, үйдө, мектепте илинген сүрөттөр.

Адатта сүрөтчү карандаш, көмүр, тушь, айрым учурда түстүү карандаш же акварель боёгу менен тарткан сүрөтүн жалгыз гана нускада жасайт. Бул сүрөттүн китептеги же журналдагы көп сандаган көчүрмөлөрү басмаканада атайын приборлор же машиналардын жардамы менен жасалат. Бирок сүрөтчү өзү да аны көбөйтө алат.

Бычак, стамеска (үшүгү) же өзгөчө аспап - штихель менен жыгач, линолеум, металлга сүрөтчү сүрөтүн күзгүдөгүдөй чагылдырып тескерисинен кесип-жонуп түшүрөт же өзгөчө литографиялык таштын, жез же цинк пластинкасынын бетин алдын ала өзгөчө лак менен лактап жана лакка ийне менен быдыр жасап туруп анан сүрөттү кислота менен оюп түшүрөт.

Андан кийин бул тескери сүрөттүн бетине үбөлүк менен боёк жаап, керектүү сандагы көчүрмөлөр (оттиск) алынат. Тактайдан, металл пластинкасынан жасалган көчүрмө, ошондой эле сүрөттү көбөйтүү ыкмасынын өзү да гравюра деп аталат. Ал эми литографиялык таштан алынган көчүрмө литография делет. Мындай ыкма биринчи жолу 1797-жылы Германияда А. Зенефельдер тарабынан колдонулган. 1816-жылдан Россияда пайдаланыла баштаган.

Графика - сүрөт искусствосунун байыркы түрү. Байыркы сүрөтчүлөрдүн үңкүр беттериндеги сүрөттөрү, эски грек вазаларындагы оймо-чийме жана сүрөттөр, Кайра жаралуу доорундагы көрүнүктүү чеберлердин гравюра жана сүрөттөрү - мунун бардыгы бир ажайып графика.

Гравюра боюнча 15-кылымда белгилүү усталардын бири Альберт Дюрер өзүнүн шакирттери менен эң сонун үлгүлөрдү жараткан. Уста оймо-чийме жана иллюстрация түрүндөгү графика менен колго жазылган эски басылма китептерди кооздоп, ал эми кызыктуу, күлкүлүү гравюра - акварель боёктору менен тартылган элдик сүрөттөр (лубоктор) менен дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн үйлөрү жасалгаланган.

Азыркы кезде графика искусствосу живопись жана скульптура сыяктуу эле өтө көп жактуу болуп калды. Ансыз биздин турмушубузду элестетүү да мүмкүн эмес. Балдар китептерин барактасанар, андан графика чыгармаларын - текстти жакшы түшүнүүгө көмөктөшүүчү сүрөттөрдү көрөсүңөр. Кыргыз графикасы 1950-жылдардан баштап өнүгө баштаган.

Баштоочулар катары Л. А. Ильина, А. Н. Михайлов, Л. Г. Трусковский, В. Г. Рогачев, И. А. Белевич, А. А. Сгибнев, А. Л. Шубин жана башкалар жергиликтүү сүрөтчүлөргө чоң таасир тийгизишкен. Кийин Т. Герцен, Б. Жумабаев, Б. Кошоев, Е. Кузовкин сыяктуу чеберлер өсүп чыккан. Алардын ичинен өзгөчө силердин баарыңарга тааныш Т. Герцен, Б. Жумабаевдердин Манас эпосуна арналган гравюралары кеңири белгилүү.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 7898, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-09-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу