Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Гормондор

Гормондор — организмде эндокрин системасынын бездери иштеп чыгаруучу жана башка органдар менен ткандардын ишине максатка ылайык таасир көрсөтүүчү биологиялык активдүү заттар. Алар тикеден тике канга куюлуп, тиричиликте маанилүү бардык процесстерди — зат жана энергия алмашууну, гомеостазды, өсүү, өөрчүү, көбөйүүнү жөнгө салат. Г-го хим түзүлүшү ар түрдүү заттар (белоктор, пептиддер, стероиддер, липиддер жана башка) кирет. Ал кан аркылуу ар кайсы орган же системага жетип, анын ишин жөнгө салат. Г. физиологиялык өтө активдүү болгондуктан аз гана өлчөмү органдын ишин бир кыйла өзгөртөт. Көпчүлүк Г. ткандарда тез бузулат, ошондуктан аларды тиешелүү без дайыма канга чыгарып турат.

Канда Г. бош же байланышкан түрдө кездешет. Белоктор менен байланышкан Г. активсиз формада болот (мисалы, кош бойлуулукта тироксиндин өлчөмү канда көп болгону менен зат алмашуу өтө күчөбөйт, себеби тироксин белок менен байланышкан). Көпчүлүк Г. түрдүк өзгөчөлүккө ээ болбогондуктан дарылоо максатында көп учурда бодо малдын, чочконун эндокрин бездеринен алынган гормон дарылары колдонулат. Бирок киши менен жаныбарлардын белоктуу жана полипептиддүү г-у составы жана молекуласында аминокислоталардын калдыгынын биригүү ырааттуулугу боюнча айырмаланат; алардын физиологиялык активдүүлүгү да ар түрдүү. Айрым Г. же аларга окшош заттар (аналогдор) синтез жолу менен алынган.

Көпчүлүк Г-дун секрециясы гипофиздин алдыңкы бөлүгүнүн функциялык активдүүлүгүнө көз каранды. Гормондук функцияларды жөнгө салууну мээдеги гипоталамус башкарат. Анын ядролорунун клеткаларында өзгөчө заттар пайда болуп, алар гипофиздин алдыңкы бөлүгүнө жетип, анда тиешелүү Г-дун пайда болушуна көмөк болот, алар калкан сымал, жыныс жана бөйрөк үстүндөгү бездердин секрециясын жөнгө салат. Г-дун секрециясына борбордук нерв системасынын башкы бөлүктөрү (мисалы, ретикул формациясы) да таасир этет. Г-дун организмде пайда болушу кайталанма байланыш принцибине негизделген: мисалы, кандагы канттын өлчөмүнүн азайышы инсулиндин чыгуусун тормоздойт жана глюкагондун пайда болуусун күчөтөт. Мындай өз ара аракет органнзмдин гомеостазын бир калыпта кармап турууну камсыз кылат. Г-дун пайда болушун жана таасирин, ошондой эле эндокрин системасынын ар кандай бузулууларын эндокринология изилдейт. Калкан сымал бездин гормондору.

Калкан сымал безде йоду бар Г. синтезделет. Бул бездин клеткалары йодду өзүнө топтоого жөндөмдүү. Ал бездин гормонун синтездөөгө зарыл йод жетишсиз болсо, бездин тканы өсүп, богок пайда болот. Без клеткаларындагы йод монойодтирозин менен дийодтирозинди синтездөөгө керектелет, алар болсо калкан сымал бездин атайын клеткаларында белоктуу бирикме тиреоглобулинди пайда кылат. Тиреоглобулин атайын ферменттин (протеиназа) таасиринен ажырап, активдүү Г. трийодтиронин жана тетрайодтиронин же тироксин пайда болот. Алар канга чыгып, кан сары суусундагы белоктор (а — глобулиндер) менен байланышат.

Трийодтиронин тироксинге караганда активдүү келип, кан сары суусунда 20 эсе аз болот. Калкан сымал бездин Г-у энергия алмашууну күчөтөт. Кишиге 1 мг тироксин бөргенде, анын суткалык энергияны сарп кылуусу болжол менен 1000 ккалга көбөйөт. Тироксин бардык тамак заттардын — углевод, май жана белоктордун да сарп кылуусун күчөтөт. Анын таасиринен ткандар кандагы глюкозаны көп керектейт, кандагы глюкозанын өлчөмү боордо гликогендин ажыроосу күчөгөндүктөн толукталып турат. Калкан сымал бездин Г-у организмдин өсүшүн күчөтөт, борбордук нерв системасын стимулдайт. Бул Г-дун ашык чыгуусунан бут-кол калчылдайт. Калкан сымал без тирокальцитонин гормонун да иштеп чыгарат. Ал организмде кальцийдин алмашуусун жөнгө салат.

Калкан сымал бездин жанындагы бездердин гормону . Бул бездер паратгормонду чыгарат. Ал кандагы кальцийди көбөйтөт. Бул гормондун жетишсиздигинде канда кальций менен фосфаттардын өлчөмү азаят, заара аркылуу фосфаттардын чыгуусу күчөйт. Паратгормон кальцийдин ичегиде сиңирилишин жана бөйрөк түтүкчөлөрүндө анын кайра сиңирилишин күчөтөт. Уйку безинин гормондор у . Уйку безинин өзгөчө клеткалардын тобунан (Лангерганс аралчаларынан) турат. Ал клеткалар инсулин жана глюкагон Г-нун чыгарат. Глюкагон клетканын ичинде гликогендин глюкозага чейин ажыроосун күчөтүп, канда канттын өлчөмүн көбөйтөт. Май тканында майдын ажыроосун да ыкчамдатат.

Глюкагон инсулинге карамакаршы таасир этет. Бөйрөк үстүндөгү бездердин гормондору. Бөйрөк үстүндөгү бездер функциясы ар кандай болгон мээ жана кыртыш катмарынан турат. Мээ катмарынын Г-у — адреналин, норадреналин организмдин көптөгөн функцияларына таасир этет. Алар булчуң менен боордо гликогендин ажыроосун күчөтүп, анын запасын азайтат. Глюкозанын кандагы өлчөмү көбөйөт, башкача айтканда гипергликемия пайда болот.

Адреналин жүрөктүн иштешин күчөтөт, жүрөктө нерв импульстарынын өтүшүн жакшыртат. Адреналин карындын жылма булчуңдарынын тонусун азайтып, карын менен ичегинин перисталътикасын басаңдатат. Бирок адреналин кээ бир жылма булчуңдарды жыйрылтат, мисалы, көздүн жаа сымал кабыгынын булчуңдары жыйрылып, карек чоңоёт; теринин жылма булчуңдары жыйрылганда түктөр көтөрүлүп, тери күдүрөйүп чыгат. Организм активдүү иштегенде (мисалы, күч талап кылынган жумуш иштегенде, суукка учураганда жана башка) бөйрөк үстүндөгү бездер адреналинди көп чыгарат. Бөйрөк үстүндөгү бездер кыртышы минерал алмашууну жөнгө салуучу альдестерон, дезоксикортикостерон, углевод, белок, май алмашууга таасир этүүчү гидрокортизон, кортизон, кортикостерон жыныс Г-ун (андроген, эстроген, прогестерон) чыгарат. Альдостерон кандагы натрий менен калийдин өлчөмүн жөнгө салат.

Анын таасиринен канда жана ткань суюктугунда хлордуу натрийдин концентрациясы көбөйгөндө, организмде суюктук топтолуп, артериялык кан басым жогорулайт. Бул Г-дун жетишсиздигинде суу көп кетип, организм суусузданат да, жашоого мүмкүн бвлбогон өзгөрүүлөр пайда болот. Ошондуктан аларды тиричиликти сактоочу дейт. Гидрокортизон боордо глюкозанын пайда болушун күчөтүп, канда глюкозанын өлчөмүн көбөйтөт. Глюкокортикоиддер топтолгон майларды энергия алмашууга жумшоону күчөтөт. Бул Г-дун секрециясы жетишсиз болсо организмдин ооруга туруктуулугу төмөндөп, түрдүү жагымсыз таасирлерди көтөрө албай калат. Глюкокортикоиддер ревматизм, сезгенүү жана башка ооруларда организмдин ага каршы күрөшүүсүн басаңдатат, ошондуктан сезгенүүгө каршы колдонулат. Бир жер ооруганда, травмада, кан агууда, өтө ысыганда, суукка учураганда, кээ бир ууланууларда, жугуштуу ооруларда, катуу капа болгондо глюкокортикоиддер көп бөлүнөт. Анда канга адреналин арбын чыгып, ал гипоталамуска таасир этип, анын клеткаларында кортикотропинди чыгаруучу фактор пайда болот да, ал гипофиздин алдыңкы бөлүгүндө адренокортикотроптук гормондун (АКТГ) пайда болушуна түрткү берет.

АКТГ болсо бөйрөк үстүндөгү бездердин кыртышында глюкокортикоиддердин чыгышын күчөтөт. Бөйрөк үстүндөгү бездердин жыныс Г-у — андроген жана эстрогендер — бала кезде жыныс органдарынын өөрчүшүндө маанилүү роль ойнойт. Жыныстык жетилүүдөн кийин бул Г-дун ролу төмөндөйт. Жыныс бездеринин гормондору. Жыныс бездеринде синтезделүүчү жыныс Г-у организмдин жыныс функциясын, экинчилик жыныс белгилеринин өөрчүшүн камсыз кылат. Эркек жыныс Г-у — андрогендер, аялдардыкы — эстрогендер деп аталат. Аялдын жыныс Г-у этек кир циклинин, кош бойлуулуктун кадимкидей өтүүсү жана бала эмизүүгө организмдин даярданышында ролу чоң. Гипофиз гормондору физиологиялык мааниси боюнча 2 түргө бөлүнөт. Айрым Г. башка эндокрин бездеринин ишин активдештирет (мисалы, адренокортикотроптук гормон (АКТГ) — бөйрөк үстүндөгү бездерге; тиреотроптук гормон — калкан сымал бездерге). Фолликул жана сүт чыгаруучу Г. жыныс бездеринин функциясын жөнгө салат.

Гипофиздин башка Г-у организмге жалпы таасир этет. Алардын ичинен өсүү гормону белгилүү. Гипофизди алып таштоодон, бузулуусунан же жетилбей калышынан организм начар өсүп же өспөй да калышы мүмкүн. Гипофиздин функциясы абдан күчөсө, мисалы, анда шишик өссө гигантизм, көп учурда акромегалияга алып келет. Интермедин гормону тери менен былжыр челдин пигментация процессинде катышат. Канда бул гормондун өлчөмү көбөйгөндүгү кош бойлуулукта, аддисон оорусунда байкалат.

Диурезге каршы гормон организмде суунун өлчөмүн жөнгө салып, заара чыгуунун күчөшүнө түрткү берет. Окситоцин гормону жатынды жыйрылтып төрөттү ыкчамдатат, сүт бөлүп чыгарууга катышат. Жергиликтүү таасир берүүчү гормондор (ткань Г-у) эндокрин бездеринен чыкпай ар кайсы органдардагы атайын клеткаларда пайда болот. Биринчи иретте кайсы органда пайда болсо, ошонун иштешине таасир этет. Мисалы, гастрин карын клеткаларында пайда болуп, ал карын зилинин чыгышына түрткү берет; гистамин теринин ар кайсы жеринен бөлүнүп чыгып, ошол жердеги кан тамырларды кеңейтет, терини кычыштырат жана оорутат. Медиаторлор да жергиликтүү Г-го кирет. Алар нерв талчаларынын учтарында пайда болуп, чыккан жеринде гана таасир. берет (Шилтеме: Медиаторлор). Г. нерв системасынын, ички органдардын, булчуң, муундардын түрдүү ооруларында башка дарылар менен бирге колдонулат.

Бирок, Г. дарыларын өз алдынча колдонууга болбойт. Г-дун биологиялык активдүүлүгү күчтүү болгондуктан, аларды контролсуз кабыл йлуу эндокрин системасынын так иштешин бузуп, оор кабылдоолорго алып келет. К. ошондой эле Эндокрин системасы. Гормон менен дарылоо (Г. м. д.) — дарылоо максатында жаныбарлардын органдарынан жана синтез жолу менен алынган гормон дарыларын колдонуу. Оорунун натыйжасында айрым эндокрин бездери иштебей калганда, функциясы начарлаганда, анын иштөөсүн күчөтүү үчүн же гормонду ашык чыгарганда аны тормоздоо үчүн, ошондой эле эндокрин бездеринин функциясынын бузулуулары менен байланышпаган ооруларда (мисалы, ревматизм, аллергия жана башка) колдонулат. Г. м. д. врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)