Горчичник

Горчичник — жалган кычынын (горчицанын) күкүмү сыйпалган кагаз. Аны колдонордо жылуу сууга малып, анан жылаңач териге же (тери сезгич болсо) кагаздын, дакинин, жука чүпүрөктүн үстүнөн коюлат. Г-ти тери кызарганча (5— 10 мин.) кармоо керек. Г-ти алгандан кийин, териге жабышкан горчицаны жылуу суу менен жууп, этияттап аарчыйт, тери өтө кызарып кетсе вазелин сыйпоо сунуш кылынат. Үй шартында Г-ти кургак горчицаны (балдар үчүн жарымы ун же крахмал болуу керек) жылуу сууга ботко болгончо аралаштырып, ал массаны катталган тыгыз чүпүрөккө сыйпап даярдайт. Г-ти кол менен бек басып же бинт менен таңат. Жогорку дем алуу жолдорунун сезгенүүсүндө Г. көкүрөккө (көкүрөк клеткасынын ортосуна) жана балтырга; бронхитте — көкүрөктүн бир же эки жагына тең; гипертонияда — желкеге жана башка у. с. коюлат. Түрдүү тери оорулары менен жабыркагандарга коюуга болбойт.

Эмчектеги жана кичинекей балдарды Г-ке ороп коюу ыңгайлуу. Ал үчүн чүпүрөктү горчицанын жылуу эритмесине (0,5л сууга 1 аш кашык горчица) малып, сыгып алып, ооруган жерине тез ороп, баланы шейшеп же жууркан менен жаап, 3 —10 мин. кармоо жетиштүү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)