Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гомер

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Гомер

Уламышка караганда, бир нече миңдеген жылдар мурун байыркы Элладанын (ошол кездеги Грециянын аты) шаарлары менен кыштактарын кезип, сокур жомокчу Гомер жүрчү экен. Ал кыдырып жүрүп эзелден берки эл уламыштарын: салгылаштар, жаа тартуу мелдештери жөнүндө аңгемелерди, баатырлар - чала кудай, чала кишилердин эрдиктери жөнүндө мифтерди угуп, эсине сактап калат. Ушулардын негизинде Илиада жана Одиссея поэмасын чыгарган. Элдүү аянттарда, базарларда аң-таң болуп, тегеректешкен угуучуларга кифаранын коштоосу менен ыргактуу поэмасын кыраатын келтирип ырдап берчү экен. Илион (Троя шаары ошондой аталган) менен троялыктарды багындырганы кара капталдуу кемелер сүзүп келишкен гректердин - ахеялыктардын кандуу согушунун баатырдык элеси угуучулардын көз алдына тартылган. Грек падышасы Одиссей амалкой киши болгон. Анын кеңеши боюнча гректер Троя шаарынын дарбазасынын жанына килейген жыгач атты коюп коюшат. Троялыктар көзү ачык Лаокоондун эскерүүсүнө карабастан, атты шаарга киргизйп алышат. Түн киргенде аттан Одиссей жоокерлери менен чыгып, шаардын дарбазасын ачат. Ушундай амалкөйлүк менен гректер троялыктарды жеңип алышкан.

Жомокчунун ырлары Эгей деңизинин толкунундай ыргактуу. Гомердин замандаштары анын ырлары аскага жан киргизйп, жапайы жырткычтарды колго үйрөтө алат, ошондуктан кудайлар аны көрө албай, сокур кылып ташташкан деп ишенишчү. Гомер ушунчалык даңктуу болгондуктан гректердин жети шаары Гомердин туулган жери деген укукту алуу үчүн талаш жүргүзүшкөн.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1724, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу