Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Гольбах Поль Анри

Гольбах Поль Анри - ((Holbach), 1723, Пфальц, Эдесхейм – 21. 6. 1789, Париж) – француз философу, Петербург Илимдер академиясынын чет өлкөлүк ардактуу мүчөсү (1780). 18-кылымдагы француз ойчулдарынын философиялык көз караштарынын эң ири системалаштыруучусу. Гольбахтын «Жаратылыш системасы же физикалык дүйнө менен рухий дүйнөнүн закондору жөнүндө» (1770) аттуу эмгегинде ошол кездеги илимдин жалпы жетишкендиктерин корутундулап, жаратылыш таанууну бир системага салган. Г. өзүнүн зарылдык концепциясына негизденип, «адам өз өмүрүндө бир мүнөт да эркин боло албайт», «биздин өмүрүбүз жаратылыштын буйругу менен жер шарынын үстүнө, андан көз ирмемге да ажырабастан туруп, сыза турган чийим». Гольбахтын пикири боюнча жакшылык ар кандай чабалдыкка каршы ишенимдүү каражат болуп саналат. Тарбия, мыйзам, коомдук пикир, адат, коркунуч ушунун баары адамдарды өзгөртө турган, алардын эркине таасир тийгизип, жалпынын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылууга мажбурлоочу, адамдардын кумарлануучулуктарын жөнгө салып, алардын коомдук максатына зыян алып келе тургандарын четтетип туруучу себептер.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)