Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Глобалдашуу

Глобалдашуу, ааламдашуу – «кансыз согуштан» кийинки, улуттук экономикалардын дүйнөлүк өндүрүш менен жуурулушунан келип чыккан маалыматтык ачыктыкка, технологиялык жаңыланууга, товарлардын жүгүртүлүү мейкинин кеңейишине, капиталдарды либералдаштырууга, илимий-техникалык революциянын жетишкендиктери менен жалпы адамзаттык билим арсеналына таянган бирдиктүү дүйнө системасын түзүү жөнүндөгү саясий түшүнүк. Ааламдашуу процесси мурдагы марксисттик таптык интернационалдашуудан айырмаланат. Эл аралык мамилелерде мамлекеттер бири-бири менен өз ара жалгыздап катнашуучу дипломатиялык каналдар мурдагыдай данакердик күчүн жоготуп бараткандыгы, ички жана тышкы экономиканын, саясаттын ортосундагы чектин улам барган сайын жоюлуп жатканы, бардык катышуучуларга тийиштүү бирдей эреже аракеттене баштаганы, экономикалык,, саясий, маданий мамилелер бир кылка мейкинди көздөй «аалам айылына» (М. Маклуэн) чогуу бет алышы глобалдашуунун учурдагы тенденциясын сүрөттөйт. Ааламдашуунун маңызын толугураак жана тереңирээк түшүнүү үчүн, анын булактарын жана таасирлерин көрсөтүү зарыл. Алар төмөнкүлөр: 1) бул транспорттун жана коммуникациянын агымын тездеткен технологиялык прогресс (интернет, санарип технологиясы ж. б.), 2) экономиканы жана сооданы либералдаштыруу менен эл аралык экономикадагы эркин катнаштарга жана андагы бир жактуу үстөмдүктү жоюуга жетишүү, 3) дүйнөлүк саясий системанын өзгөрүшү, өлкөлөрдүн саясий түзүлүштө бир жактуулукту, окшоштукту көздөй ыкташы, 4) технологиялык прогресстин натыйжасында эл аралык экономикалык, уюмдардын ишмердигинин болуп көрбөгөндөй кеңейиши жана алардын таасиринин күчөшү, 5) көптөгөн өлкөлөрдө рынок экономикасынын бирдей моделине өтө башташы (анын ичинде социалдык коргоого багытталган рынок экономикасы), 6) массалык маалымат каражаттарынын бирдей идеологияны чагылдырышы. Тарых тастыктап жаткандай, ааламдаштыруунун оң жана терс таасирлери бар. Дүйнөлүк цивилизациянын, дүйнөлүк бүтүндүктүн, биримдиктин келип чыгышы глобалдашуунун оң таасири катары, ал эми ошол бүтүндүктүн бөлүктөрүнүн ортосунда орун алган кагылышуулар, ар кандай тирешүүлөр глобалдашуунун терс таасири катары, тагыраак айтканда конфликттер булагы катары чечмеленүүгө тийиш.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)