Гликозиддер

Гликозиддер — молекуласында канттуу (гликон) жана кантсыз (англикон) бөлүгү бар органикалык бирикмелер. Ал бөлүктөр бир-бири менен кычкылтек, күкүрт же азот атомдору аркылуу байланышат. Г. өсүмдүктөрдөн же синтез жолу менен алынат. Медицинада негизинен флавонгликозиддер (рутин), стероиддүү Г. (жүрөк Г-и) жана башка колдонулат. Жүрөк Г-и — жүрөк булчуңдарына өзгөчө таасир берип, жыйрылышын күчөтөт. Алар түрдүү өсүмдүктөрдө (оймок гүл, адонис, мончок гүл, даргын, строфант жана башка) болот. Жүрөк г-и миокарддын жыйрылуу жөндөмдүүлүгүн күчөтүп, жүрөктүн кагуусун сейректетет; диастола учурунда жүрөктүн карынчаларына кан толуп, систола күчөйт, жүрөктүн иштеши жакшырат. Ткандарды кан менен камсыз кылуу оңолот, вена кан басымы төмөндөйт, кан айлануу күчөйт. Натыйжада заара көбөйүп, шишик азаят.

Жүрөк Г-и жүрөк булчуңдарындагы биохимиялык процесстерге таасир этип, миокардды глюкоза жана кычкылтек менен камсыз кылууну оңойт. Оймок гүлдүн Г-и (дигитоксин, дигоксин) узак убакыт таасир этет, кумуляция касиети бар, ичкенде эффективдүү, өнөкөт жүрөк жетишсиздигинде колдонулат. Адонис жана мончок гүлдүн препараттарынын сеп алдыруучу касиеттери бар. Ошондуктан алар неероздордо да колдонулат. Строфанттын (даракка окшогон лиана, Африкада өсөт) — гликозиди оймок гүлдүн Г-ине салыштырганда 2—3 эсе активдүү. Ал катуу начарлаганда венага куюлат. Жүрөк Г-и жүрөктө органикалык бузулуулар пайда болгондо, миокардитте, эндокардитте, пароксизм тахикардиясында колдонулбайт. Жүрөк Г-и ашык бергенде жүрөк ритминин ар кандай бузулуулары (экстрасистолия, карынчалардын тахикардиясы жана фибрилляциясы) пайда болот. Жүрөк Г-и врачтын сунушу боюнча гана колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)