Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Глазовская Мария Альфредовна

Глазовская Мария Альфредовна - 13(26). 1. 1912-ж. т., Петербург – топурак таануучу, физикалык географ, геохимик. Географиялык илимдердин доктору (1952). ММУдагы кыртыш географиясы жана ландшафттардын геохимиясы кафедрасынын башчысы (1959-жылдан бери), 1939–52-ж. СССР Илимдер академиясынын Казак филиалынын кыртыш генезисинин сектор башчысы Казакстан, Кыргызстан, Урал ж. б. жерлердин ландшафттарын, кыртышын, алардын генезисин изилдеген. Теңир-Тоонун орто масштабдуу ландшафттык картасын түзгөн (1958). СССРдин жана дүйнөнүн топурак кыртыштары, геохимиясы, кен издөөнүн геохимиялык методдору ж. б. жөнүндө 200дөн ашуун эмгек жазган. Эмгектери: Почвенно-географический очерк Австралии. М., 1952, Природа сыртов Центрального Тянь-Шаня и особенности процессов почвообразования. М., 1955, Основы почвоведения и географии почв. М., 1960 (соавтор), Геохимические основы типологии и методики исследований ириродных ландшафтов. М., 1964.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)