Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Гитлер Адольф

Гитлер Адольф - (өз фамилиясы Шикльгрубер) (20.4.1889, Австрия, Браунау – 30.4.1945, Берлин) – фашисттик диктатор, Германиянын улутчул-социалисттик партиясынын жол башчысы (1921-жылдан фюрер), 1933–45-ж. рейхсканцлер, 1934-жылдан президенттик пост менен бириктирип алган. 1941-жылдан герман куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы. 1934-ж. Германияда фашисттик-террордук режимди орнотуп, саясий атаандаштарынын бардыгын «узун бычактар түнүндө» жок кылган. 2-дүйнөлүк согушту түздөн-түз баштоочулардын бири, 1938-ж. Австрияны аншлюстаган жана Чехословакиянын Судет областын басып алган. Польшаны басып алуу үчүн Советтер Союзу менен кол салышпоо тууралуу пактыга кол коюп (1939), аны бузуу менен 1941-ж. 22-июнда СССРге кол салууну уюштурган. Оккупацияланган аймактарда согуш туткундарын жана жергиликтүү элдерди массалык түрдө кырып жоюунун (өзгөчө еврейлерди) негизги уюштуруучуларынын бири болгон. Советтик аскерлердин Берлинге кириши менен өзүн-өзү өлтүргөн. Нюрнберг процессинде Гитлер негизги нацисттик кылмышкер катары аныкталган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)