Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Гипотиреоз жана гипотрофия

Гипотиреоз — калкан сымал безинин функциясынын жетишсиздигинен болгон оору. Г-дун өтө оор формасы микседема деп аталат; Г-го калкан сымал бездин жана анын ишин жөнгө салуучу орган менен системанын ишинин бузулушу түрткү берет. Ага калкан сымал бездин тубаса жетишсиздиги же анын операциядан жабыркашы жана нурга чалдыгышы да себеп болот. Белгилери: бат чарчап уйку басат, ич катат; тери кургап, тырмак тез сынат, чач түшөт; бет шишимик тартат. Жүрөк-кан тамыр системасы өзгөрүлөт. Нерв системасынын жана жыныс бездеринин иши бузулат. Дарылоону врач жүргүзөт.

Г-ду алдын алууда богокту өз убагында дарылоо жана башка чоң роль ойнойт. Гипотрофия — балдардын көпкө туура эмес, жетишсиз тамактануусунан пайда болгон оору. Ооруган баланын салмагы акырындык менен азайып, арыктайт, өсүп чоңоюшу начарлайт. Негизинен ымыркай жана эмчектеги балдар оорушат. Г. өөрчүшүнө баланы ымыркай кезинен туура эмес, бир түрлүү тамактандыруу, таза абага аз алып чыгуу, тукум куума жана кийин пайда болуучу ичеги-карын оорулары, баланын тез-тез ооруп калуусу, эненин сүтүнүн жетишсиздиги, боюнда бар кезде эненин туура эмес тамактануусу жана түрдүү оорулар менен оорушу сёбеп болот. Жарым жаштан кийин баланын Г. болушуна ар кандай жугуштуу оорулар (ич өткөк, дизентерия, ич келте, энтероколит, сальмонеллёздор жана башка) түрткү берет. Организмге тамактын жетишсиз келишинен, ал өзүнүн запас белок, углевод, май, витаминдерин сарп кылат, дене суусузданып, сөөк системасы бузулуп, итий сымал өзгөрүүлөр пайда болот. Организм арыктап, зат алмашуу, ошондой эле түрдүү органдын жана нерв системанын иши бузулат, түрдүү ооруга каршылык көрсөтүүсү төмөндөйт.

Териси кургап, бозоруп, бырышып турат. Тери астындагы май катмары азаят. Тамакка табити тартпайт, начар уктайт, чыргоолонот, кеч басат, түрдүү жугуштуу, сезгенүү оорулары менен тез ооруйт. Дарылоону Г-нын себебин аныктап, врач жүргүзөт. Г. менен ооруган балага тамактын өлчөмүн аз-аздан акырындык менен ар бир 3—4 күндө көбөйтүп, 6—7 айлык балдарга жашылчалардан даярдалган пюре жана жашылча, мөмөлөрдүн ширелерин берүү пайдалуу. Г-нын алдын алууда балдарды туура өстүрүп, чоңойтуу, туура жана сапаттуу тамактандыруу, ден соолугун чыңдоо, өз убагында керектүү витаминдерди берүү жана ар түрдүү инфекциялык жугуштуу ооруларды алдын ала эмдөө керек. Боюнда бар аялдар туура, сапаттуу өз убагында тамактануусу, витаминдүү жер - жемиштерди, жашылча тамактарын жеши зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)