Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гипотеза

Баш барак | Илим | Гипотеза

Гипотеза (байыркы грекче ὑπόθεσις — «жоромолдоо; божомол», ὑπό сөзүнөн — «астында; себебинен улам; үчүн» жана θέσις — «орун; абал; тезис») — болжолдоо же жоромол, аксиома, постулаттардан айырмаланып тастыктоону талап кылган ырастоо.

Мазмуну

Теория менен алмаштырбоо абзель.

Жалпы маалымат

Эгер гипотеза илимий ыкмага ылайык ошол гипотеза камтыган фактыларды түшүндүрө алса, анда ал илимий гипотеза эсептелет; логикалык жактан карама-каршылыктуу эмес болсо; принципиалдуу түрдө жокко чыгарылма болсо, башкача айтканда потенциалдуу сын-пикирлүү эксперимент менен жүргүзүлө алса; мурда орнотулган мыйзамдарга каршы келишпесе жана кеңири көрүнүштөргө тиркеле алса.

Ошондой эле, ал изилденүүчү көрүнүштүн касиеттерин жана себептерин билүү максатында көрсөтүлгөн, негизделген жоромолду белидирген билимдин өнүгүү формасы катары аныктала алат.

Шартка ылайык, гипотеза аны тастыктаган бир катар байкоолордун (мисалдардын) негизинде айытылып, ушул себептен чындыкка жакын кабыл алынат. Гипотезаны натыйжада орнотулган фактыга айландырып аны тастыкташат, же жалган ырастамаларга өткөрүп четке кагышат (мисалы, каршы мисалды көрсөтүп).

Тастыкталбаган же четке кагылбаган гипотеза — ачык маселе аталат (мисалы, ачык математикалык маселелер).

Бул негиздерде куралган (болгон бир катар байкоолордун жана белгилүү мыйзам ченемдүүлүктөр түрүндөгү) кайсы бир нерсенин жогорку мүмкүндүктөгү ой кортундусу, жыйынтыгы.

Философия жана башка илимдердеги гипотеза

Карл Поппер илим философиясында позитивисттик текшерүүнүн негизин фальсификациялануучулук менен толуктаган. Табигый илимдин реалдуулукка ылайыктуулугу боюнча теория, ага ылайык экспериментти коюуу менен орнотулушу мүмкүн (верификация). Каалаган илимий билим салыштырмалуу гана мүнөзгө ээ. Потенциалдуу жокко чыгарылуучу ырастоолор гана илимий боло алат. Каалаган билимдин жана чындыктын салыштырмалуулугу жөнүндөгү марксисттик постулаттан чыккан мындай көз караштарды заманбап россиялык философтор дагы колдошот.

Поппердин окуучусу Лакатос мугалимдин концепциясын өнүктүргөн. Сөзсүз жокко чыгарылуучу өзүнчө (табигый илимдик) теорияны, илимий деп кароого болбойт. «Изилдөөчүлүк программа» гана илимий боло алат — жокко чыгарылуучу жана бири-бирин алмаштырган теория-гипотезалардын ырааттуулугу — мисалы, кийинки кезек: Птолемейдин геоцентрикалык механикасы, Галилей жана Кеплердин гелиоцентрикалык механикасы, Ньютон жана Галилейдин классикалык механикасы, релятивисттик механика, кванттык механика, талаанын кванттык теориясы ж. б.

Гипотеза менен теориянын айырмасы

Адамдар кокустан, билбестиктен же атайын «теория» же «гипотеза» терминдерин чаташтырган учурларды көп кездештирүүгө болот. Мисалы, «Бул жөн гана теория...» деген фразаны көп угууга болот. Ушул сыяктуу фразаны мисалы, глобалдык жылуулануу, эволюция жана башкаларга колдонушу мүмкүн. Чындыгында, ырастоону гипотезага же теорияга таандык кылган жетишээрлик так чен өлчөмдөр (критерийлер) бар. Мисалы, төмөндө бул терминдерге Ньютондун көз карашы берилген:

«Теория» жана «гипотеза» түшүнүктөрүнүн аныктамалары
Кийинки чен өлчөмдөрдү гана канаатандырган ырастоо «теория» болот алат: Кийинки бир же бир нече чен өлчөмдөрдү канааттандырган гана ырастоо «гипотеза» болот алат:
T1. ырастоо чын экени так, анткени, ал эксперименттерден ишенимдүү чыгарылган; X1. ырастоо жогорку мүмкүндүктө чындыккка жакын, бирок, мүмкүн, толук эмес;
T2. ырастоо эксперименталдуу; — башкача айтканда ал эксперименталдык текшерилүүчү кесепеттерге ээ; X2. бул жоромол же божомол: бул ырастоо эксперименталдык күбөлөрдө негизделген эмес;
T3. ырастоо заттын «табиятына» эмес, анын өлчөнүүчү жана байкалуучу касиеттерине таандык. X3. ырастоо байкалуучу жана өлчөнүүчү касиеттерге эмес, анын «табият» затына таандыгы бар.

Ньютон өзүнүн «универсалдуу гравитация теориясын» теория деп эсептеген, анткени, ал эксперименттер менен тастыктала алган. Бирок, бир жагынан, гравитациянын (тартылуу күчүнүн) түшүндүрмөлөрүн, себептерин гипотезага таандык кылган, анткени, алар табият көрүнүштөрүн түшүндүрүүгө таандык болгон, ал эми, гравитациянын жаралуу себептери жөнүндөгү каалаган ырастоолорду же тастыктоолорду өлчөө мүмкүндүгү ал убакта жок болчу. Башкачай айтканда, гравитация табияты жөнүндөгү гипотеза кийинки суроолорго жооп бергүүгө аракет кылат: «Эмне үчүн гравитация бар?», «Гравитациянын себеби эмнеде?», ал эми теория «Гравитация барбы же жокпу?», «Гравитация канчалык күчтүү?», «Гравитацияны кантип өлчөө керек?».

Гипотезаларды текшерүү үчүн Оккам устарасы

Аксиома эмес, презумпция (жоромол) болгон Оккам устарасы сыяктуу негиздер дагы бар, башкача айтканда, алар кандайдыр бир көрүнүштөрдү татаал жолдор менен түшүнүдүрүүгө негизинен тыюуу салбайт, бир гана, гипотезаларды кароонун жакшыраак болгон жөнөкөй иретин колдонууну сунуштайт. Оккам устарасынын негизин төмөнкүчө калыптандырууга болот: «Мүмкүн болушунча баарын жөнөкөйлөтүү керек, бирок аша чаппай». Бул сөз Альберт Эйнштейнге таандык.

Илимий гипотеза

Илимий гипотеза менен эсептешүү үчүн логикалык жоромол кийинки чен өлчөмдөрдү (критерийлерди) канааттандырышы керек:

  1. гипотезанын предметтик чөйрөсүндөгү бардык фактыларды түшүндүрүү;
  2. логикалык карама-каршылыктары болбой, илимдин түпкү абалдарына каршы чыкпашы керек;
  3. принипиалдуу текшерилүүчү болбошу керек;
  4. түшүндүрүүгө арналбаган, мурда аныкталган фактыларга каршы келбеши керек;
  5. көрүнүштөрдүн кеңири классына карата тиркеле алышы керек.
Жайгаштыруу: 2022-04-14, Көрүүлөр: 1828, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо