Гипертиреоз

Гипертиреоз — калкан сымал бездин күчөп иштеши. Ал диффузиялыкууландыруучу богоктун белгилеринин бири. Ар кандай физиологиялык абалда (кош бойлуу, жыныстык жетилүү, климакс убагында), ошондой эле ар кандай оорулардан (туберкулёз, кызыл жүгүрүк жана башка), психикалык күч келүүдөн пайда болушу мүмкүн. Г-дун белгилери: кан тамыр тез кагып, тер басат, кол калтырайт, арыктайт, бат чарчайт, зат алмашуу бузулат. Диффузиялыкууландыруучу богокту дарылагандай дарылайт. Г. башка оорулардын белгиси болсо, ошол ооруну дарылоо керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)