Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Гигиеналык гимнастика

Гигиеналык гимнастика (эртең мененки зарядка) — күнүгө эртең менен аткарылуучу, татаал эмес дене тарбия көнүгүүлөр комплекси. Г. г. уйкуну ачып, сергектикке, активдүү ишкердүүлүккө өтүүгө жардам берет. Г. г-ны үзгүлтүксүз жасоодон организмдин жалпы абалы, ден соолук оңолот, жүрөк-кан тамыр, нерв жана дем алуу системаларынын кызматы, зат алмашуу жакшырат, булчуңдар чыңалат, келбет туура калыптанат. Үзгүлтүксүз Г. г. жасаган кишилер өзүн жеңил сезип, эмгек өндүрүмдүүлүгү, тамакка табити жана уктап эс алуусу мурдагыга салыштырмалуу бир кыйла жакшырат. Г. г-нын өзгөчө көп кыймылдабай акыл эмгеги менен иштегендерге мааниси чоң. Г. г. балдар бакчасында, мектептерде, пионер лагеринде, ооруканаларда, санаторийлерде, сов. куралдуу күчтөрдүн катарларында сөзсүз уюштурулат. Көпчүлүк калк үчүн Г. г-нын көнүгүүлөр комңлекси күнүгө эртең менен Бүткүл союздук радио жана телекөрсөтүү аркылуу берилет. Эртең мененки зарядка түрдүү булчуңдардын топторуна таасир берүүчү гимнастикалык көнүгүүлөр комплексинен түзүлөт. Көнүгүүлөр комплекси ар бир 12—15 күндө алмаштырылат, Зарядка 8—15 мин. жасалат. Аны желдетилген, таза жерде, кышында форточкасы ачык бөлмөдө, ал эми жайкысын мүмкүн болсо сыртта, таза абада аткаруу жакшы натыйжа берет.

Жеңил, кыймылга тоскоол болбогондой кийим кийүү, бут кийим ыңгайлуу, такасы жалпак болгону оң. Көнүгүүлөрдү жасоодо дем алуу жай жана терең болуп, орточо темпте аткарылып, дем алуу менен кыймыл-аракет айкалышуу тийиш. Мисалы, денени түздөөдө, ичти тартканда, колду жаюуда жана өйдө көтөрүүдө — дем алуу, ал эми денени эңкейткенде, колду ылдый түшүргөндө, бутка олтурууда дем чыгаруу керек. Тез темпте аткарылуучу көнүгүүлөр эркин дем алуу менен коштолгону дурус. Г. г-ны бүткөндөн кийин муздак сууга жуунуу (жайында мүмкүнчүлүк болсо сууга түшүү), сүрүнүү абдан пайдалуу. Г. г-да аткарылуучу көнүгүүлөр комплекси бара-бара татаалданышы, көнүгүүлөрдү аткаруу ылдамдыгы жогорулоого тийиш. Комплекстин татаалдыгы машыгуучулардын жашына, ден соолугуна байланыштуу болот. Балдар үчүн Г. г-га негизинен басуу, жүгүрүү, жалпы таасир берүүчү жана келбетти калыптандыруучу көнүгүүлөр берилет. Аялдарга арналган Г. г-га курсак жана жамбаш булчуңдарын бекемдөөчү көнүгүүлөр кеңири киргизилет.

Аялдар кош бойлуу мезгилде жана төрөттөн кийин аткарылуучу атайын көнүгүүлөр комплексинин мааниси чоң. Эркектер үчүн Г. г-да күчтү талап кылуучу көнүгүүлөрдүн көбүрөөк болушу мүнөздүү. Алар гантелдер, эспандерлер жана резиналык аммортизаторлор менен аткарылат. Орто жаштагы жана улгайып калган кишилер үчүн Г. г. негизинен муундардагы кыймыл-аракеттерди көбөйтүүгө арналган көнүгүүлөрдөн турат. Ар бир көнүгүүдөн кийин 5—15 секундага чейин тыныгуу талап кылынат. Г. г. адамды өтө чарчатпастан, тескерисинче адам өзүн жеңил сезип, көңүлү көтөрүңкү болгон абалда аяктоосу зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)