Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гигиена

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Гигиена

Эртең менен тургандан кийин жуунуп, тишти тазалоо көнүмүш адат. Бирок волейбол же футбол оюндарын ойногондон кийин да колду жууш керек. Тамактанаардын алдын да колду жууш талап кылынат... Мына ушулардын бардыгы гигиена болот. Мындай катуу тартиптин эмне кереги бар? Бул адамдын эң коркунучтуу душманы - ар кандай жугуштуу ооруларды козгогуч жана таратуучулардан сактанууга мүмкүндүк берет. Бактерия - куралсыз көзгө көрүнбөгөн тирүү жандыктар.

Ал ар жерде да, сууда да толтура, кир менен кошо адамдын денесине жабышат. Өзгөчө манжа тырмактарынын астына көп чогулат. Жуулбаган жашылча-жемиштерди жешке, колду жуубай тамактанууга жарабай тургандыгын, тырмакты алып, чачты тарап, тишти жууп туруш керек экендигин силер жакшы билесиңер. Гигиенанын эрежелеринде антпеш керек, минтпеш керек деген жагымсыз сезилген эрежелер көп. Бирок бул эрежелер адамдын ден соолугун сактоого жардам берет. Гигиена дегенибиз - дененин, кийимдин, тамак-аштын, биз дем алган абанын тазалыгы. Врачтар операция учурунда гигиенаны кандай сактаарын билесиңерби? Бардык аспаптар кайнатылып, бактерияларды өлтүрүүчү атайын суюктук менен сүртүлөт, медайымдар ушундайча тазартылган пинцет менен аларды врачка алып берип турат, медайым, врачтар колдоруна тазартылган резина мээлейин кийип, оозу, мурдун тазартылган бет кап менен калкалап байлап алышат, оорулуунун жаратына бактерияларды киргизбөө үчүн ушундай чаралар көрүлөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2417, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу