Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Гидрохинон

Гидрохинон, n-диоксибензол – мол. масс. 110,11, ачык боз түстүү кристалл, 169-171оС балкып эрип, 285-287оС кайнайт, тыгызд. 1,358. Бензолдо, муздак сууда начар, ысык сууда, спиртте, эфирде жакшы эрийт. Г. суудагы эритмеси абада окистенип, күрөң, кочкул түскө өзгөрөт: окистенүүдө алгач хингидронго анан п-хинонго айланат. Г. күчтүү калыбына келтиргич. Г. биринчи жолу 1844-ж. Вёлер хинондон алган, техникада п-фенолсульфок-таны (же п-хлорфенолду) щелочтор менен (катализатор - жез туздары же КI) балкып эритүү ж. б. ыкмалар менен алынат. Г. сүрөт ишинде, орг. боёктор синтездөө, аналитикалык химияда калыбына келтиргич катарында кеңири колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)