Гидрогендөө

Гидрогендөө (гидрирлөө) – ар кандай заттка суутек кошулуу реакциясы. Көбүнчө Н-Н байланышынын энергиясы жогору болгондуктан (435 к Дж/моль) мол. суутек менен гидрирлөө эрежеге ылайык жогорку басымда >,0,1-70 жана катализатор катышуусунда ишке ашат. Катализатор катарында металлдар (Fe, Ni, Co, Pt, Os, Ru), оксиддер (CoO, Cr2O3, MoO2, PtO2, NiO), сульфиддер (WS2, MoS2) жана аралаш катализаторлор (Pt - көмүр, Pt - Al2O3, Ni – кизельгур же алюминий бетине себилген жогорку дисперстүү никель (Н. Д. Зелинский катализатору) колдонулат. Г. реакциясы үч группага бөлүнөт: суутекти кошуп алуу менен бирге калыбына келүү, суутек жөнөкөй заттар жана каныкпаган бирикмелер менен кошулушу, мол-нын түзүлүшүн өзгөртүү менен суутек кошулушу. Г. реакциясы кош байланыштарды кармаган орг. бирикмелери өзгөчө практикалык мааниге ээ, мис., бензолду Г. циклогексан, нафталинден-тетралин жана декалин, май альдегидинен бутанол алынат. Көмүртек оксидин Г. метанол жана суюк отундун жогорку октандык компоненттерин алуунун негизги ыкмасы болуп саналат. С=С байланыштарына суутек кошулушу өсүмдүк майын катуу майга (маргаринге) айландырууда, таш көмүр жана нефть продуктуларын кайрадан иштетүүдө кеңири колдонулат. Г. гидрогенолиз менен коштолушу мүмкүн, мис., татаал эфирлерден ири мол-лык массалуу май спирттерин алуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)