Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Герцен Александр Иванович

Герцен Александр Иванович (25 (6). 3 (4). 1812, Россия империясы, Москва шаары – 9 (21). 01. 1870, Франция, Париж шаары) – жазуучу, философ жана публицист. Москва университетинин физика-математика факультетин бүтүргөн (1833), анда революциялык ийримге жетекчилик кылган. 1834-ж. камакка алынып, 6 жыл сүргүндө болгон. Чыгармалары 1836-жылдан Искандер деген псевдоним менен жарык көрө баштаган. 1842-жылдан Москвада жашап батышчылардын сол канатын жетектеген. «Илимдеги дилетантизм» (1842-43), «Табиятты үйрөнүү жөнүндөгү каттар» (1844-45) ж. б. философиялык эмгектеринде, «Ким айыптуу?» романында (1841-46), «Доктор Крупов» (1847), «Сааттуу сагызган» (1848) повесттеринде крепостнойлук турмушту катуу сындаган. 1847-жылдан эмиграцияда болгон. 1848-ж. Франциядагы революция жеңилгенден кийин Батыштын революциячыл мүмкүнчүлүктөрүнөн көңүлү калып, «орус социализми» теориясын иштеп чыгып, народничествону негиздөөчүлөрдүн бири болуп калган. А. И. Герцен Лондондо Эркин орус басмаканасын негиздеген (1853). «Болгондор жана ойлор» (1852-68) деген автобиографиялык чыгармасы Герцендин көркөм чыгармачылыгынын туу чокусу болгон. 1855-ж. «Полярная звезда» деген альманахты, 1857-ж. Огарёв менен бирге орустун биринчи революциялык гезити «Колоколду» чыгарат. Бул гезит Россиядагы жеке бийликтин бетин ачып, революциялык үгүт жүргүзгөн, дыйкандарды жери менен эркиндикке чыгарууну талап кылган. Ошондой эле демократиялык жана революциялык күчтөрдү баш коштурууда чоң роль ойногон. 1861-ж. реформаны даярдоо мезгилинде либералдык Н. Г. Чернышевский, Н. А. Добролюбов менен талаш-тартышка чыккан. 1861-ж. чечкиндүү түрдө революциялык демократия тарабына өтүп, «Жер жана эркиндикти» түзүүгө жардам кылган, 1863-64-жылдардагы поляктардын көтөрүлүшүн колдоп чыккан. Өмүрүнүн акыркы жылдарында I Интернационалдын иши менен жумушчу табынын күрөшүнө көңүл бурган. Ал өзүнөн кийинки адабий сын ойлордун өнүгүшүнө, жалпы эле орус революциялык ой-пикиринин өсүшүнө таасирин тийгизген. Анын айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)