Герберт Иоганн Фридрих (немецче Johann Friedrich Herbart, 4. 5. 1776, Ыйык Рим империясы, Ольденбург шаары – 14. 8. 1841, Ганновер королдугу, Гёттинген шаары) – немец философу, психолог. Илимий педагогикага негиз салуучулардын бири. Йена университеттин бүтүргөн. Гёттинген жана Кёнигсберг университеттеринин профессору. И. Ф. Герберт дүйнө түзүлүшүнүн негизинде өзгөрбөс «реалдардын» көптүгү жатат деп эсептеген. Психологияны метафизикага, тажрыйбага жана математикага таянган системалуу илим катары түзүүгө аракет кылган. Көркөм дүйнө окуусунда формалдуу эстетика тармагынын (асылдыктын булагы: симметрия, пропорция, ыргак ж. б.) негиз салуучуларынын бири. Анын педагогикалык теориясы философияга жана психологияга негизделген. И. Ф. Герберт баланы тарбиялоо процессинде башкаруу ишине кеңири басым жасаган. Тарбиялоо баланын эркин башкаруу, мажбурлоо, дене тарбиясы аркылуу ишке ашарын белгилеген. И. Ф. Герберттин окутуу системасы психикалык процесстер менен түшүндүрүлүп, ал төрт баскычтан (айкындык, ассоциация, система, метод) турат. Бул система 19-кылымдын 2-жарымында окутуу жана тарбиялоо теориясына чоң таасир тийгизген. И. Ф. Герберттин пикири боюнча адеп-ахлак тарбиясы балага окутуу аркылуу берилет, ал кийин автоматтык түрдө жүрүм-турумга өтөт. И. Ф. Герберт «тарбиялоону окутуу» деген түшүнүктү киргизген, «Метафизиканын башкы пункттары» (1805), «Тарбия максаттарынын негизиндеги жалпы педагогика» (1806), «Педагогикалык окуунун очерки» (1835) өңдүү чыгармалардын автору.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер