Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гербарий

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Гербарий

Бул атайы чогултулуп кургатылган өсүмдүктөрдүн коллекциясы. Латынча гербарий - чөп салгыч. Жазында тоо беттерин, талааларды карагылачы. Жашыл килем төшөлгөндөй жайкалып, ар кай жерде ачык түстүү гүлдөр жайнайт. Жакшылап байкасаңар бул табигый килем ар түркүн чөптөрдөн куралганын көрөсүңөр. Бир-эки айдан кийин бул чөптөрдүн көбүн таба албайсың. Алардын ордуна башкалары чыгат. Ал эми шалбаадагы чоптор тоодогудан таптакыр башка. Суу жээгинде өскөн чөптөр андан да башка.

Кыскасы чөптүн коллекциясын чогулткусу келгендер үчүн иш жетиштүү! Чогултулган өсүмдүктөр барактардын арасына салынып, үстүнөн оор нерсе, мисалы, чоң китеп менен бастырылып коюлат. Бир топ убакыт өткөндөн кийин өсүмдүк формасын жана түсүн өзгөртпөстөн кургайт. Бирок алар упурама болуп калгандыктан этият мамиле кылуу талап кылынат. Кургатылган өсүмдүктөрдү катуу кагазга ичке кесилген кагаз тилкелери менен бекитилип, аты, качан, кайдан алынганы жазылат. Ушундан кийин гербарий даяр десек болот. Гербарийди туура топтоо өтө маанилүү. Бир баракка туш келди өсүмдүктөрдү жабыштыра берүү туура эмес, адатта гербарий өсүмдүк түрү же белгилүү бир тема боюнча топтолот.

Мисалы, гүлдөрдүн же бадалдуу өсүмдүктөрдүн, ошондой эле тоодо же талаада өскөн өсүмдүктөрдүн коллекциялары өз-өзүнчө чогултулат. Жер жүзүндө эң ири гербарийлердин бири Россия Илимдер Академиясынын В. Л. Комаров атындагы Ботаника институтунда (Санкт-Петербургда). Анда 5 млн даана барак гербарий бар. Кыргызстан Илимдер Академиясынын Биология институтунда 150 миңден ашык барак гербарий жыйналган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 940, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу