Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Гепатит С

Гепатит С - Эң олуттуу жана жаман түрү – бул С гепатити. Өзгөчө коркунучту анын өнөкөткө айланган формасы көрсөтүп турат, ал оорукчандардын 70-80 пайызга өсүп кетүүсү. Мында грипптин белгилерин эскертип турган алсыздык жана жалпы начар сезүүдөн башка тышкы белгилери болбой деле калышы мүмкүн. Ошондуктан көптөгөн инфекция жуктурушкан адамдар өзүнүн дарты тууралуу өтө кеч билип калышат. Оорунун ушундай жабык болушунан улам С гепатитин эл арасында «жароокер киши өлтүргүч» деп атап коюшат

1) Башка вирустардан бул вирус түрүн өзгөртүүгө болгон жогорку мүмкүнчүлүгү менен айырмаланат. Ал бүгүн башка болуп туруп, бир аз убакыт өткөндөн кийин башкага айланат. Ошондуктан кайсы бир лабораторияда С гепатитинин жаңы вирусунун штампын алышары менен ага каршы эмдөөнү жаратуунун мааниси жок. Анткени бир жылдан кийин эле анын түрү өзгөрүлгөндүгү жана лабораторияларда окумуштуулардын колунда эскирген көчүрмөсү тургандыгы аныкталып калат. Бул учурларда вакцина жасоонун мааниси жок болуп кала тургандыгы түшүнүктүү – анткени вирустун майда тиби, анын геному башка болуп калат.

2) Бул вирустун экинчи маанилүү сапаты – анын өзгөчө агрессивдүүлүгүндө камтылган. Эгерде А жана В вирустары боордун клеткаларын жаралап, бирок кийинчерээк кетип кала турган болсо, С гепатитинин вирусу боорду толук талкалайт жана андан «согушсуз» эч жакка кетпейт. Бир аз убакыт өткөндөн кийин адам боордун рагына өөрчүп кетиши мүмкүн болгон боордун циррозу менен ооруйт.

3) С гепатитинин үчүнчү өзгөчөлүгү чындап эле уникалдуу: вирус жуккан боордон сигналдар кетет, бирок мээге баары бир жетпейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)