Геоэкологиялык экспертиза

Геоэкологиялык экспертиза – курулушта, ошондой эле кандайдыр бир ишкананын жана мекеменин иштөө процессинде боло турган экологиялык бузулуу кесепетинин адис же адистер тобу тарабынан иликтениши жана бааланышы. Геоэкологиялык экспертиза божомолдонгон маалыматтарды бири-бирине салыштыруу аркылуу ишкананын отурукташкан калкка, айлана-чөйрөгө, башка ишканаларга (айлана-чөйрө аркылуу) тийгизе турган таасирин аныктоо менен жүзөгө ашырылат. Геоэкологиялык экспертиза адатта төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: табият шартына баа берүүнү, ишканалардын адамдын жашоо шартына, жаратылыш ресурстарына, башка ишканаларга таасирин анализдөөнү, ченем (нормативдик) базасына ылайык ишкананы куруунун жана пайдалануунун экономикалык, экологиялык жана социал. натыйжалуулугун аныктоону, курулуштун түрдүү варианттарын анализдөөнү. Геоэкологиялык экспертиза мамлекеттик, ведомстволук жана коомдук болуп бөлүнөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)