Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Генеалогия

Генеалогия (санжыра). 19-кылымдын аягында англ. антрополог Ф. Гальтон кишинин ата-тегин сураштырып жана аны анализдөөнү түрдүү белгилердин (анын ичинде оорулардын) укумдан-тукумга закон ченемдүү берилишин далилдөө үчүн сунуш кылган. Г. ыкмасы медициналык практикада тукум куума оорунун пайда болушун жана анын тукумга кандай коркунучу бар экендигин далилдөө үчүн кеңири колдонулат. Г. ыкмасы тукум куугучтуктун өзгөчөлүгүн билүүгө, оору өөрчүп кеткенге чейин туура диагноз коюуга жардам берет. Ошондой эле бул ыкманын жардамы менен кишинин тукум куугучтугуна сырткы таасирлердин, жакын туугандардын арасында никелешүүнүн зыяндыгын белгилөөгө болот. Г. ыкмасы менен туугандык байланышты сураштырып билип, алардын ар кайсы тукумунда айрым белгилердин (мисалы, оорунун) кезигери далилденет. Г. санжыра түзүү жана анын генетикалык жактан анализдөөдөн турат. Сан6 мэ жыра түзүүгө оорулууну изилдөө, оорунун тарыхы, үй-бүлөсүн сураштыруу жана башка негизги ролду ойнойт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)