Гендик мутациялар

Гендик мутациялар - гендердин хим. структурасынын өзгөрүшүнүн натыйжасында болот. ДНК молекуласында нуклеотиддердин жайгашуу тартиби бузулуп, тукум куума маалымат өзгөрүп, белоктун синтези бузулат. Г. м. төмөнкүдөй түрдө болушу мүмкүн: азоттук негиздердин орун алмашуусу, нуклеотиддердин түшүп калуусу, нуклеотиддердин өзгөрүүсү.

Г. м-дын негизинде "гендик оруулар", башкача атйканда зат алмашуу оруулары пайда болот. Мисалы, дени соо адамдардын эритроцитиндеги белок гемоглобиндин молекуласында 6-орунда глутамин к-тасы жайгашат. Бул амин к-таны иРНКнын ГАУкодону маалыматтайт. Мутацияга байланыштуу ДНК молекуласы өзгөрүп, иРНК ГАУ кодонун ордуна ГУАкодону жазылат. Ошонун негизинде гемоглобиндин молекуласында глутамин к-тасынын ордуна валин синтезделип, эритроциттердин формасы өзгөрүп, адамдар орок сымал кан аздуулукка дуушар болушат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)