Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Гeморрой

Гeморрой - (гр. haimorrhois кан агуу) көтөнчучук веналарынын варикоздук (түйүн сымал) кеңейиши. Түйүн тышкы (тери астындагы) жана ички (былжыр чел алдындагы) болуп бөлүнөт. Геморрой веналардын тубаса начардыгынан, көтөнчучук веналарында кандын начар айланышынан болот. Ага ичтин катышы, көтөнчучуктун түрдүү шишиктери, боюнда бар кезде жатындын кысуусу, жатындын туура эмес жайгашуусу, көпкө отуруп иштөө жана башка түрткү берет. Геморрой менен орто жаштагы жана улгайган адамдар көп (аялдарга караганда эркектер 3 эсе көп) ооруйт. Ал акырындык менен өөрчүп, адегенде арткы тешиктин айланасы кычышат, кээде ооруйт, заңдаганда же күч келгенде, басканда (оору күчөгөндө) түйүн сыртка чыгат. Кийинчерээк көтөнчучуктан кан агат. Натыйжада оорулуу канды көп жоготуп, аз кандуулукка чалдыгат. Кабылдап кетсе өтө катуу ооруйт, дене ысып, ич катат. Оору кабылдап кеткенде сезгенүү көтөнчучуктун тегерегиндеги клетчаткаларга жайылып кетиши мүмкүн (кыскасы Парапроктит). Геморрой мезгили менен кармап туруучу өнөкөт оору. Ал өтүшүп кетсе, тез-тез кармап, кан агат. Ички түйүнчөлөр сыртка чыгып же кысылып калганда өтө катуу ооруйт, түйүнчөлөр көгөрүп, кээде карарып катууланат. Чыгып калган түйүнчөлөрдү кайра киргизүүгө аракеттенүүгө болбойт, себеби ал канагууга жана оор кабылдоого алып келиши мүмкүн. Дарылоо аны пайда кылган себептерге карата жүргүзүлөт. Жогору атылма муздак душ, ич алдырма дарылар, клизма, мөмө-жемиштүү диета сунуш кылынат. Күчөп кеткен учурда операция жасалат. Геморройду алдыналууда ичти катырбоо, жеке гигиенаны сактоо, дарылоочу денетарбияны жасоо зарыл. Туруп иштегендерге (дүкөнчү, чачтарач), отуруп, ал эми отуруп иштегендерге туруп же басып жасоочу көнүгүүлөр сунуш кылынат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)