Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гейзер

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Гейзер

Дүйнөдө жер астынан өзүнөн өзү атылып чыкма фонтандар бар. Суусу - ысык, кайнаган суу. Булар гейзер (исландча гейзер - оргуштоо) деп аталат. Гейзерди Камчаткадан, ошондой эле Исландия, Жаңы Зеландия жана АКШдагы Йеллоустон улуттук паркынан көрүүгө болот. Гейзер адатта жакында эле өчкөн же өчө элек жанар тоолорго жакын жерлерден чыгат. Магмадан бөлүнгөн ысык буу менен газдын таасиринде жер астындагы суу кайнайт да, ысык фонтан же булак болуп жер үстүнө чыгат. Ар бир гейзер ар башка убакыт аралыгында жана ар башка күч менен атылат. Камчаткадагы бир гейзер ар бир төрт минута сайын иштеп турат, ошондуктан ал саат гейзер деп аталган. Ал эми Йеллоустон паркындагы Эски кызматчы гейзер саат сайын, Чаалыкпас - ар бир жарым минутада атылып турат, саат менен текшерип турсаң да болот.

Исландиядагы Чоң Гейзер суткасына бир гана жолу атылат, бирок ажын фонтанын үч саатка чейин суктана карап турууга болот. Атылуу токтолуп, теребел эч нерсе болбогондой тынчыйт. Андан кийин кайрадан суу күлдүр-шалдыр болуп, атылганга чейин буркулдай баштайт. Гейзердин атылышы да, кайнак суудан бөлүнүп чыккан кремнезёмдун түркүн түстүү чөгүндүсү - гейзериттин шилендилеринен анын тегереги да абдан кооз көрүнөт. Гейзериттер күлгүн, бозгулт сары, бермет түстүү болушат.

Мурун гейзердин суусу пайдаланылчу эмес, азыр гейзер суусу менен турак-жай, теплицалар жана бассейндери жылытылат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2701, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу