Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Гавр

Гавр - Франциянын Түндүк-батышындагы шаар. Жогорку Нормандия аймагында, Сена дарыясынын чатында, Па-де-Кале кысыгынын жээгинде жайгашкан. Калкы 185,1 миң (2006). Жүк ташуунун көлөмү боюнча Франциядагы 2-порт (2002-ж. 68 млн ò жүк ташылган). Ири жолдор тоому. Аэропорту бар. Гавр 1517-ж. негизделген. НотрДам (1574-638), Сен-Франсуа (16-17-к.) чпркөөлөрү, шаардын жаңы бөлүгүндө ГравпльСент-Онорин аббатчылыгы (11-14-к., учурда музей), Сен-Мишель чиркөөсү (15-кылымдын аягы), Турневиль жана Сент-Андрес эски форттору сакталган. 1947-56-ж. шаар толугу менен жаңы архралык доминанттар менен андан ичкери Ратуша, «Океан дарбазасы» ансамбли, Сен-Жозеф коңгуроолуу чиркөөсү (бийиктиги 106 м, маяк орнотулган), «Жанартоо» комплекси (1982), Нормандия көпүрөсү (1988-94) кайрадан курулган. Гавардын борбордук бөлүгүндөгү курулуштар согуштан кийинки архитектуранынжана шаар куруунун эстеликтери катары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кпргпзилген (2005). Нефть ажыратуу, нефть-Химиялык, кеме, автомобиль жана авиакуруу, цемент өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, музейлер бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)