Ганглийди блокадалоочу каражаттар

Ганглийди блокадалоочу каражаттар — вегетатив түйүндөрүнөн (ганглийден) өтүүчү козголууну токтотуучу дарылар. Алар бир мезгилдин ичинде симпат жана парасимпат түйүндөрүн блокадалайт, башкача айтканда четки нерв системасынын таасирин орган менен ткандарга тийгизбей коёт. Г. б. Шилтеме: таасиринин узактыгына жараша узак убакытка жана кыска мөөнөткө таасир этүүчү болуп бөлүнөт. Бул дарылар симпат түйүндөрүн блокадалаганда ички органдардын (ичеги, карын, табарсык жана башка) жылма булчуңдарынын тонусу төмөндөйт, бездердин секрециясы азаят. Алар өт жолдорунун коликасында, заара жолдорунун таш. оорусунда, карын менен он эки эли ичегинин жарасында колдонулат. Г. б. Шилтеме: кан тамырларды ичкертүүчү борбордук нерв системасынан келген импульстардын агымын токтотуп, анын натыйжасында кан тамырлар кеңеет.

Ошондуктан айрымдары гипертония оорусунда, эндартериитте, хирургиялык практикада пайдаланылат. Г. б. кылымдын терс таасирлери бар. Анда ичегинин тонусунун төмөндөшү, ортостатикалык коллапс (төшөктө жаткан оорулуу тура калганда кан басымынын кескин төмөндөшү) жана башка бузулуулар болушу мүмкүн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)