Гамма-глобулиңдер

Гамма-глобулиңдер — кан сары суусунун белогунун составдык бөлүгү. Анда ар кандай микроорганизмдердин оору пайда кылуучу таасирин жоготуу касиетине ээ антитело болот. Г.-г. вирус, бактерия, спирохета жана жөнөкөйлөрдү өлтүрүп, бир катар жугуштуу ооруларды (айрыкча балдардын) алдын алуу жана дарылоодо маанилүү. Г.-г-ди куйганда организмде иммунитет пайда болот. Демейде Г.-г. белгилүү оору менен ооруп айыккан кишинин же атайын тийиштүү вакцина куюлган жаныбардын (көбүнчө жылкынын) канынан жасалат. Алдын алуу максатында Г.-г. оорулуу менен бирге болгон кишилердин булчуңуна куюлат. Аны куйганда оору жеңилирээк өтүп, ар кандай кабылдоолор азаят. Азыр ал грипп, вирустуу гепатит, паротит, кызылча, чечек, дизентерия, скарлатина, көк жөтөл, күйдүргү ж. б-га каршы колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)