Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Гамма

Гамма — 1) гректердин гамма тамгасынын (тыбышынын) атынан аталган орто кылымдагы музыкалык үн катарларынын эң төмөнкү добушу, азыр октава арасындагы добуштар тартиби, 2) добуш катарларынын ээрчишүүсү, башкы тондон баштап жогорулоочу же төмөндөөчү тартипте жайгашат. Гамма октаванын көлөмүндө, бирок жогору карай ошол принципте жайгашышын улантып, төмөн көздөй октавага жакындашат. Гамма курамынын санын көрсөтөт жана бийик добуштардын баскычын байланыштырат. Гамманын 7 добуштуу диатоника, 12 добуштуу хроматика, 5 добуштуу пентатонпка, мажор, минор сыяктуу түрлөрү бар. Гамма ар түрдүү добуштардан куралат. Мисалы, до добушунан түзүлгөнү до-мажор, ля добушунан түзүлгөнү ля-минор деп аталат. Гамма ырдоодо жана аспапта ойноодо такшалууну арттырып, чеберчиликти көтөрүүдө көнүгүү үчүн да пайдаланылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)